Ги де Мопассан: Суу жүрѳк

АҢГЕМЕ Коомчулукта аны «Жагымдуу Синьоль» деп аташчу. Анын толук аты-жѳнү  виконт[i] Гонтран-Жозеф де Синьоль эле. Жетим ɵскɵн, жетиштүү байлык топтой алган, мындайча айтканда, кийингени, баскан-турганы менен эл кɵзүнѳ кѳрүнүктүү адам эле. Ал жагымдуу келбети, тартиптүү жүрүм-туруму, орундуу сүйлѳгѳн эстүүлүгү, тубаса кылдаттыгы, ак сѳѳктүү сыймыгы, жарашыктуу муруту, терең кѳздѳрү менен кыскасы, аялзаты жактыруучу бардык сапаттардан  куру жалак эмес эле. Ал конокто болгондо, айымдар аны менен жеңил бийге чыгууну жактырышса, мырзалар болсо, күлүп караганы менен ичинен жактырышчу эмес. Аны кѳп айымдар менен […]

Жетиген АСАНБЕК: Дарты табылса дабасы табылар, дабасы табылса дарт да айыгар

Кетип аткан ажо деп сөзүнө маани бербей да койсок болот эле. Бирок жалган кеп жалындуу кайталанып жатса, чындыктын ооз учунан айтылып турушу кечирилгис экенин белгилеп, айтып калуу, кайталап айтуу абзел. Калптын өмүрү кыска болуп, а чындык чексиз жашарын билген кишиге чындык чыккан ооз болуунун өзү чоң олжо. Аныгында чындык ажого болобу, башкага болобу жакшылык гана издейт. Бул жолу көбүрөөк жакшылык кетчү ажобузга тийиштүү болгону турат. Себеби анын:   Коңшу өлкө биздин ички ишибизге кийлигишип жатат Бизге кимди президент шайлашыбыз керек […]

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин президенттик доору

Башын береги шилтемелерден табасыз: (1-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Атамбаевдин доору, (2-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: Өткөөл мезгилдин бийлиги, (3-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май айындагы окуялар (4-баян) Азимбек БЕКНАЗАРОВ: 2010-жылдын апрель, май, июнь окуяларын иликтөө жана анын тыянактары III БӨЛҮК Жогоруда айтылгандай, 2010-жылдын декабрь айында 2-жолку аракетте мүмкүн Ө.Бабановдун ишмердүүлүгүнүн эмес, “чайкоочулук ишмердүүлүгүнүн” натыйжасында Жогорку Кеңеш башында КСДПнын лидери А.Атамбаев турган коалициялык Өкмөттү түзүүгө жетишти. Атамбаев максатына жетти. Ал эми өзүм спикер болом деген Текебаев максатына жетпей калды. Ал, анын партиясы “Ата-Мекен” Парламенттик оппозицияда калды. Ушул жерде Парламенттик оппозиция жөнүндө […]

Ба-аягы… Бакиевдин заманы келатабы?

Бүгүн «Ак Кеме» мейманканасы маммүлк фондун айыптап чыкканын аталган мейманкана жамааты билдирүүдө. Маалыматта мейманкана жетекчилиги “Ак Кеменин” айланасында соттук териштирүү жүрүп жатканына карабай, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тартып алууга аракет кылды деген жүйө келтирет. “Ак Кеме” жетекчилиги мындай жол менен мамлекеттик орган мыйзамды бузуп жатканын мындай келтирет: “Бийликтин мыйзамсыз аракеттери акыркы күндөрдөгү коомдогу саясый активдүүлүккө байланыштуу. Мейманканада оппозициянын форумдары өтүп, оппозициячыл партиялардын кеңселери «жайгашкан” деп айтылат кайрылууда. Буга байланыштуу мейманкана жетекчилиги мамлекеттик органдарды мыйзамды сактоого чакырса, ал эми маммүлк фондунун алдындагы “Мүлк” […]