Динара БЕЙШЕНАЛИЕВА: Көгүчкөн

АҢГЕМЕ Ал ичикти желбегей жамынып, эшиктин алдында турду. “Чыр-чыр”, “чы-ыйт” деген үн чыкты көктөн. Антип-минтип акыл жыйгыча көгүчкөн ичиктин ичине башы менен сайылгандай кирип, колтукта  пысып калды. Ага удаалаш эле баш жагынан аткан октой зуу этип ителги кайып учту. Жума иштин чоо жайын эми гана түшүндү. Тегеректе тал-терек жок эле. Жан талашкан көгүчкөн түз эле кишинин ичине кире качканга мажбур болуптур. Көгүчкөндүн кичинекей жүрөгү тып-тып этип катуу согуп, кишинин эки колун кадимкидей кыймылдатып атты. Жаш толгонсуган жылтырак көздөрү алда нерсени […]