Байма Сутенова: Өткөн бир окуя

АҢГЕМЕ Ыраматылык эжемди эстеген сайын, тээ мен бала чакта өткөн бир окуя эске түшөт. Атамдын эжеси болгондуктан биз «Чоң эже» деп атачубуз. Өзү да балпайган, сөөктүү киши. Анча-мынчаны жактыра бербеген, аз сүйлөп, эртели-кеч көп кыймылдачу. Бирок, биз жактагы чоң энелер (эжемдин жеңелери) эжемди атынан айтышпай «Манап кыз» деп тергешчү. Мен эжемдин манаптыгын байкабасам да, жашы улгайып калганына карабай боюн түзөп, салабаттуу жүргөнүн байкачумун, ошондуктанбы, күйкөдөй түйтөйгөн сары жездеме балалык кызганыч сезим менен көп ыраа кыя берчү эмес элем. Өзүнүн келиндери […]