Мурдунан алысты көрбөгөн падыша жөнүндө притча

«Философтор башкармайын мамлекет башынан балээ кетпейт». (Платон) Өз өлкөсүндө тең салмактуулукту орното албаган падыша болуптур. Ачарчылыктан кары-картаңдар менен балдардын кырылганы токтобойт. Карыларды тоюндурса – балдар, балдарды тоюндурса – карылар кырыла берет. Карылар бир кезде бийлик тагына келүүгө өбөк-жөлөк болгон үчүн алардын алдында падыша өзүн карыздармын деп эсептечү экен. Өлкөнүн жерпайын чогуу түптөшкөндөр ошол кары-картаңдар болгон дешет. Ал эми бешиктен бели чыгалек балдарчы, арийне, алар өлкөнүн келечеги го. Балдардын шыбагасын кары-картаңдарга, карылардыкын балдарга ооштурайын дейт, бирок же тигиниси, же мунусу өз […]

Мерих ГҮНАЙ: Уулумдун атасы

Түркчөдөн которгон Толук Бек БАЙЗАК АҢГЕМЕ Анын үйгө эрте келген күнүнүн саны көп эмес эле. Түн бир оокумдан мурун келчү эмес. Кеч курун үйүбүздүн темир торлуу терезесинен көчөдөгү балдарды карап турар элем. Атасы менен топ ойногон балдар, аталары менен кол кармашып кыдырган балдар, аталары менен дүкөндөргө кирген балдар… Аталар жана балдар; аталуу балдар. Энеме кайрылар элем: — Атам качан келет,эне? — Бир аздан кийин келет, уулум. Абдан сейрек болор эле ошол «бир аздан», ошол керемет, ошол укмуш «бир аздан» мени ушунча […]

Олжобай ШАКИР: Жанбүдөгө салган сүйүү

АҢГЕМЕ I – Ало-о, саламатсызбы? – жагымдуу угулду телефондогу кыздын үнү. – Саламатчылык… Угуп атам, – каадалуу, салабаттуу үн катты берки. – Мен – S … тынчыңызды алган… – Йе, жакшы жүрөсүңбү, карындашым? – жароокерлене амандык сурашты берки. – Агай, сизге бир сунуш менен кайрылайын деп… – Эмне сунуш? – Берки Кемелдин кызыгуусу артып турду сунушка. Үн тааныш эле ага… Качанкы үн? … S айткан телефондогу сунуштан мурда аны менен бетме-бет кездеше тургандыгынын өзү Кемел үчүн эч күтүүсүз учур эле. […]