Гүлмайрам Саалаева: Куйрук

АҢГЕМЕ — Мы-ы-на, сага! Жаңы эле соткасынан кимдир бирөө менен сүйлөшкөн Кумаркүл, диванда чалкалап телевизор тиктеген күйөөсүнө карай деп калды: — Бейшебай иниң 7-ноябрга 60 жылдык тоюна чакырып жатат. — Чакырса барабыз да,- деди тигиниси камаарабай. — «Байа калганга» эле даярсың, акчаны кантебиз? Ага чейин  эки той, эки ашка барабыз. Осмондун особнягы он жылда араң бүтүп, там той өткөрүп атса деп ага 4000 коштук. Эми эки ашка 3 миңден — 6 миң, эки тойго 5 миңден — 10 миң алып […]

Абыкаев Абийрбек: Эшимдин айткандары

АҢГЕМЕ Башка элди билбейм, биз – кыргыздар мейман тосконго, той бергенге жаралган эл окшойбуз. Жадагалса өлүк чыккан жерде да той кылып жибермейибиз бар. Заман өзгөргөн сайын тойдун дасторкону да башкача. Илгери тасмалды жайып, боорсокту төгүп, кант-момпосуюн чачып, ар кайсы жерине жалпак калай тарелкаларга дүкөндөн алган “ассорти” деген туздалган  помидор менен бадыраңды кенен-кенен туурап коюшчу эле. Оймоктой болгон шаардыктардын майда стакандарын жактырышпай, 250 граммдык мусулман стакандардын кап ортосунан куюлган “Московский” арактан соктурушуп, коногу да, тоскону да ыраазы болуп ырдап-чордоп тарап кетишчү. […]

Сурамжылоо: Той-ашка барса баштык-үштүк көтөрүнүп кеткен эркектерге сиздин мамилеңиз кандай?

Абдыкерим МУРАТОВ, жазуучу, элдик педагог: Кыргыздын жашоодогу идеалы да, философиясы да, идеологиясы да аш-тойго байланып калды. Негизги аш-той болуп келген, бирок азыркычалык эмес, илгери аш-той «кембагалдын бир тойгону – орто байыганы», элге ырыскы бөлүштүрүү катары өтсө, азыркы аш-тойлор «конверт топтоо», «алпарганын кайра алуу», «байлыгын көрсөтүү», «тигинден-мындан өтүү» дегендей принциптер менен өтүп жатат. Бул улут үчүн коркунучтуу көрүнүш. Аш-тойдогу жарыша чачууну жана чачылууну ооздуктоо керек. Кошуна мамлекеттер, тажиктер, өзбектер ушундай кылып жатат, алардын тойлоруна мамлекет көзөмөл кылат. Биз да мамлекетти, элди […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: Жер муштаткан жөө ырлар

Эң алгач сөз болгон дешет. Сөз нугунан ашып-ташканда ырга айланган. Ыр-эргүүнүн, кыялдын, сезим толкунунун перзенти. А биз ырдын пири, дүйнөлүк падышасы — «Манас» жараткан элбиз. Дегеле, кыргыз сүйлөсө да ырдай элпек, уйкаш, уютуп, эргип сүйлөйт. Орустар муну «Стихи в прозе» дейт. Улуу «Манасты» да кара сөз түрүндө айткан манасчылар болгон кезинде. Жөө чечен, жөө жомокчу дейт андайды. Жөө ырлар деле ошондой. Жөн жеринен жаралбайт… * * * Таң сүрөлек, уйкум качат. Айнектен дир-дир этип, асманда жылдыз жанат. Түн ортосу. Түнөрөт […]

Эрнис КЫЯЗОВ: Кыргыз кыялга бай, кыялга мас…

Жаңы жыл майрамында бир жылда бир кийчү “бетман”, “чэлэүэк павук”, “супэрмэн” сыяктуу балаты-кийимдерге кошулуп көптөн бери сандыкта жаткан же той-ашка, жамандык-жакшылыкка гана кийилчү ак калпактын багы ар жылы 5-мартта ачылат. Бүгүн кыргыздын көбү жабырап калпак кийди. Эртеси калпактын майрамдык миссиясы тып бүтөт… Ара-чолодо айылдан борборго келген жашамал адамдар же каны-жаны менен кыргызга күйүп жүргөн саналуу кишилер эле кийбесе, калпак кийүү кайра баягыдай өөн өнөкөткө айланат. Бир күндүк калпак майрамы калпак саткан базардын соодасын кыйла кызытаары, бир күн да болсо телевизордон […]