Феликс Кривиндин классикалык чакан аңгемелери

Каракчы Огород кайтаруу үчүн коюлган каракчы сүйүнүп,  өзүнүн кызмат ордун жууп той өткөзмөк болду. Ал асманда чабыттап учкан куштарды төгүлүп бышып турган жемиштерден тоё жеп, тойлоп кетүүгө жан-алы калбай кол булгалап чакырып жатты. Бирок куштар аны карап да койбоду. Каракчы болсо токтоп калбай чакыра берди, чакыра берди… Ал анын кубанычын эч кимиси бөлүшкүсү келбей жатканына аябай капа болду. Түбөлүктүүлүк Гранит аскага эки миллион жыл толгонуна байланыштуу куттуктоо үчүнбү же жөн элеби, айтор анын жанына жаңы эле жарык дүйнөгө келген Каакым […]