Абибилла ПАЗЫЛОВ: Жолон Мамытов жөнүндө

1. Жолон Мамытовго жетимишинчи жылдардын баш ченинде жолугуп, анын өмүрүнүн аягына дейре, мындайча айтканда, сексен сегизинчинин жазына чейин байланышымды үзбөдүм. Азыр эсептесем, алгач Жокемди Иса пайгамбардын жашында –отуз эки-отуз үчүндө  тааныптырмын. Акын көз жумганда өзүм да так отуз эки-отуз үч куракта экенмин. Он беш-он алты орток жылда ортобуздан чубаган окуялар эсимде. Эстесе, эске түшчү  нерселер бар. Асыресе, бу саам маркумдун эч жерде күбөлөндүрүлбөгөн, арийне, көңүл-көкүрөгүмө  кыттай  уюган чыгармачылык сабак-үлгүлөрүн баяндоого батынам. *  *  * Гезит-журналга сунуштаарда ырларыңды башка-башка барака көчүрүп, […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Ауэзов жөнүндө сөз

Жыл өткөн сайын көзүбүз жетип, ынанып жатпайбызбы: бул жалганда баары өтүп, баары өзгөрүп турат. Жазмыштагы жан бүткөндүн баарына түгөл таандык бул мыйзам кала берсе алда качан көзү өтүп, аты-жөнү урпактардын эсинде жүргөн маркумдарга карата айтканда да маанисин жоготпойт. Алар үчүн убакыт, арийне кыйыр түрдө – биздин аң-сезимибиз аркылуу өтүп жатат, алар үчүн тарых да ушинтип уланып жатат. Мындай деп айтканым, мезгил аттуу фактордун эч кимдин кадыр көңүлүнө карабаган, эгерим өзгөрбөс жана шексиз болбой койбос мерездик жайы бар. Башкача айтканда, ал […]

Мухтар Ауэзовдун 1952-жылы «Манас» боюнча өткөн конференцияда сүйлөгөн сөзү

Данакер Бүгүнкү өтүп жаткан конференцияда биз биринчи иретте төмөнкү суроолорго жооп берүүгө тийишпиз: Советтик кыргыз элине «Манас» эпосу керекпи же жокпу? Анын варианттарынын бириктирилген туундусу болушу мүмкүнбү же жокпу? Эгерде мүмкүн болсо, бул ишти кандайча жол менен ишке ашыруу керек? Ушул суроолорго жооп алгандан кийин гана «Манасты» окуп, изилдөө жана анын жаралуу доору жөнүндөгү суроолор коюлганы туура болот. Ошентип, менин оюмча, бул сөзүмдө бая айтып өткөн ошол үч суроого жооп берүүгө милдеттүүмүн. Мен кабыргасынан койгон биринчи суроо – бул кыргыз […]