Самара НАСЫРОВА: Ойнош күткөн эркек сойкулар көбөйдү

Көптөн бери көңүлүмдүн төрүндө жүргөн, жүрөгүмдү өйүгөн маселе жөнүндө жазсамбы деп жүргөм… Көөдөндү эзгилеген турмуштун реалдуу чындыгын, болгондо да аял-эркектин тең укуктуулугун, социалдык ордун, адеп-ахлагын, уят-сыйытын, моралдык-материалдык бүлүнүүсүн, аялдар менен эркектердин демократиялык коомдогу ээлеген ордун изилдөө өзүнчө бир чоң тема. «Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр артык» демекчи, чү деген эле жерден кептин учугун мырзалардан уласак. Азыркы коомдун эң эле көйгөйү эсептелген «жумушсуздук» эркектердин белине тепкендей эле сокку болду. Анткени, катын-баланы эч нерседен кем кылбай багып өстүрүү, аларды эрезеге жеткирип, […]

Дүйшөн КЕРИМОВ: «Күйөө жолдош»

ЭССЕ “Элик сүтүн берген ” энем Эралиева Акишке арнайм. Дал кыйгас учурда бу соткаң түшкүр, “чөнтөк телефон” деп кыргызчалаганың менен антип менден башка эч ким айта турган түрү жок ко, “шыңкылдайт” да турат. Мына, эми да обонун созуп кирди… — Да, да –а… — Алоо, Дүйшөксүңбү? — Ооба апа, эмне болду? — Эмне болсун, акыбалыңды билейин дедим. Ден-соолугуң, балдарың кандай? — Жакшы. — Байбичең кандай? — Жакшы. — Жакшы деп коет, андай киши аз билсең… — Кандай киши? — Ээй, […]

Ралф Уолдо ЭМЕРСОН: Тарыхта эң улуу адамдар кедей болуп өткөн

(1803-1882), америкалык жазуучу  Менин кечки меймандарым саатка карабаса да, сааттын канча болгонун кабак-кашымдан сезүүгө тийиш. * * * Жаратылыш бир нерсе жаратарда генийди жаратат. * * * Тарыхта эң улуу адамдар кедей болуп өткөн. * * * Биз укум-тукумдагыларыбызга караганда замандаштарыбыздын кыялын көбүрөк тартабыз. * * * Коом – бул айыкпагандардын ооруканасы. * * * Жакшы билимдин шоораты – терең ойлорду да жөнөкөй тил менен жеткирүү. * * * Мектепте, университетте эмнени окусак, – ал билим эмес, тек, билимге болгон […]

Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүнөн

1954-жылдан 1959-жылга чейинки күндөлүк. Фрунзе шаары. Кыргыз мамлекеттик университети. Филология факультети. Мына, саат 2.00. 1957-жылга да жетип келдик, 1956-жыл калды, өмүрдүн бир бутагын кертип калган бойдон улам артта калып, улам мунарыкка сиңип көздөн учуп баратат. Кантели, тагдыр ушу болгон соң, кош! Атаганат, «өмүр өчпөс болсочу». Түндө Жапардыкында болуп, алардын «семейная драмасынан» бир үзүндү көрдүм. А да турмуш. Эл өз жаны менен алек, а мен ал учурда ал «драманы» кантип жазууну ойлоо менен алекмин. Үйдөгүлөр аял ал деп кыйнашат. Макул, албай […]

Келдибек Ниязов: Кара-Үңкүр конушунан салам кат

1-бөлүм — Апа, денсоолук кандай? Өзүм болсо аман-эсенмин. Момун аттуу жигитке турмушка чыктым. Ал Ош базарында «Тачкисттер» деп аталган компанияда иштейт. Орус кемпирдикинде батирде турабыз. Суранарым, келе көрбөгүлө, өзүбүз чакырабыз. 2-бөлүм — Апа, сүйүнчү, уул төрөп, атын Эркиндик койдук. Караүңкүр конушунан жер алдык. Момун базардан көтөрүлдү. Ал азыр Молодая Гвардиядагы «Биржа труда» деген жеке компанияда иштеп жатат. Үйүбүздү бүтүп, анан чакырабыз, келе көрбөгүлө! 3-бөлүм — Апа, Эркиндик чоңойду. Мектепке барбай эле Аламүдүн базарындагы «Обувщик» фирмасында өтүк жалтыраткыч болуп иштеп жатат. […]