Абийрбек АБЫКАЕВ: Сыноо (баш катырма)

— Атсалом алейкум! Кандай Туке, күн чубактап отуруп калыпсың? Ден-соолук, мал-жан, бала-бакыраң менен жакшы турасыңбы? — Алейки салам! А сен Сагынсыңбы? Ой кандай өзүң, жакшы жүрөсүңбү? Көрүшпөгөнүбүзгө көп убакыт болуптур да. Өзүңдүн иштериң жакшыбы иним? — Кудайга шүгүр, эл катары жүрөбүз, акырындан кыбырап. Өзүңүз жөнүндө кобураңыз. — А эмнесин айтайын, бу жаш өткөн сайын ден-соолугуң бузула берет экен. А дегенде тайгаланып жыгылып, жамбашымды сындырып алдым. Операция кылып кыйшык таңып коюшуп, кыйшык бүтүп, кайра-кайра союп курутушту. Жамбашым жаңы эле айыкканда өтүмдөн […]