Гүлзада СТАНАЛИЕВА: Батыш менен чыгыш адабиятын ширелештирген Мурза Гапаров

Мурза Гапаров – кыргыз адабиятында бөтөнчө стили бар жазуучу. Аны көп окуп, аз жазган деп айтышат. Мунун чындыгы бар. Мурза Гапаров чын эле батыш адабияты менен чыгыш адабиятынын синтезинен өзүн жараткан, ошонусу менен башкалардан кескин түрдө өзгөчөлөнүп, өз стилин таба алган жазуучу. Табиятынан сезимтал Мурза Гапаров батыш жана америкалык улуу сүрөткерлер Кафка менен Хемингуэйди, Фолкнер менен Маркести казып окуган. Ал эми чыгыш адабиятынан жапон адабияты менен кытай адабиятына өтө жакын болгон. Адабиятчылар анын жапон адабиятынын өкүлү, Нобель сыйлыгынын лауреаты Ясунари […]

Рысбек Эшматов: Адабий түштөрдүн поэтикасы

Түштүн табияты жана тарыхы В.В.Шкловский баамдаганын мындайча туюндуруп, айтып өткөнү бар: «Адам баласы өз түштөрүн айта баштагандан жана үңкүрлөрдүн боорлоруна сүрөттөрдү тарта баштаган күндөн тарта — бул биринчи болуп анын жашоосун эки эселентти»[1]. Ушундай тарыхый-турмуштук көрүнүштөрдүн өзү көркөм чыгармачылыкка (ишмердүүлүккө) өз алдынча стимул болуп, кызмат өтөөгө жараганын, ушундай табигый-тарыхый көрүнүштөрдүн өзү алгачкы искусствонун түптөлүшүнө, негизделишине алгачкы жерпайы (фундаменти) болуп бергенин белгилей кеткенибиз оң болор. Түш көрүүнүн өзү архаикалык доордогу адамдарда алгачкы диний түшүнүктөрдүн, ишенимдердин, жан жөнүндөгү ар кыл идеялардын пайда […]