Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

(Үчүнчү топтом) *    *    * Тообо, бала кезде балакеттей тентек болсок да, гүлдөргө таш аткан эмес экенбиз. *    *    * Самара Токтакунованы кыргыз эли тургай, кыргыздын комузу да жанындай сүйѳт экен! Ага далил, күүлѳнгѳн комуздун үч кылын бирден терип доош чыгарсаңар – тапа-так гана «Са-ма-ра» деп турат. *    *    * Майрам – карыпка да майрам. Карпына-карпына бөтөлкө жыйнап. *    *    * Айылдагы айрым майдалыктарды көрүп, андан мени окчун алып кеткен алпкаракуштун – Бишкектин болгонуна шүгүрчүлүк келтирдим. *    *    * Жигиттер […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Көгүчкөн

АҢГЕМЕ Үйүбүзгө жакын жерде санаторий бар эле. Чатырынын алды толтура жапайы кептерлер. Анын кароолчусу менен кышында от жаккан Сопубек байкеге “көгүчкөн кармап бериңизчи” деп бир рубль көтөрүп бардык. — Кечинде келгиле, — деди. Сүйүнгөн бойдон кеттик. Кеч кирсечи… Күндү колубуз менен жылдырчудай “уяңа кир, уяңа ки-ир, ээй… кү-үн уяңа ки-ир…” деп кыйкырдык. Тооккананын ичин даярдадык. Тоокторго кошуп бакмай болдук. Ошентип биз күткөн кеч да кирди. Таар мүшөктү көтөрүп экөөбүз ээрчишип жөнөдүк. Убадасына туруп бизге мүшөк толтура көгүчкөн кармап берди. Алып […]

Билгенден билелегиң көп: Пикассо

Бир жолу сүрөт тартып жаткан балдарды карап туруп: “Булардын жашында мен Рафаэлдей эле тартчумун. Андан кийин өмүр бою ушулар сыяктуу сүрөт тартканды үйрөнүп келе жатамын”, — деген экен француз сүрөтчүсү Пабло Руис Пикассо. Ал 1881-ж. 25-октябрда Испаниянын Малага шаарында туулган. Атасы Хосе Руис менен энеси Мария Пикассонун теги испан болгон. Сүрөттү өтө эле жаш кезинен өзү айткандай ишенимдүү тарта баштаган. Баарынан кызыгы, ал сологой болгон. Адегенде атасынан таалим алган. 1894-95-ж. Ла-Корунья шаарында, 1895-жылдан Барселонадагы көркөм искусство мектебинен, кийин Мадриддеги көркөм […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Бизде мамлекеттик кызыкчылыкты коргогон мамиле жокко эсе

Бүгүнкү маектешибиз мамлекеттик жана коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 2007-жылы Илим жана билим министри, 2008-09-ж.ж. КР Президентинин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири, 2009-2010-ж.ж. КР дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияны жетектеп келгени маалым. «РухЭш» сайты учурдагы диний көйгөйлөр жана эл агартуу багытындагы маселелер туурасында К.Осмоналиев мырзанын олуттуу пикирин бөлүшмөкчү… (1-маек) – «Кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде!» деген бир кездеги Салижан Жигитовдун күйгөндөн айткан учкул кебинен улам Сиз да өзүңүздүн Фейсбук баракчаңызда суроо койгон экенсиз: «Азыр ошол көз кай жерине келип калды?» […]