Дилазык: Милдеттерди бөлүштүрүү

ПРИТЧА – Мындан ары чыдай албайм! Менин милдеттерим – тоодой, азыр аны жылдырууга чамам жок. Эртең мененкисин сени ойготуп чарба боюнча буйрук берүүм керек. Килемдерди күбүп, балдарды карап, базарга барып аны-муну сатып алып, сенин сүйгөн палооңду жасап, ал аз келгенсип түндө да эркелетүүм керек, – минтип аялы күйөөсүнө уңулдады. Тооктун сан этин мүлжүп отурган күйөөсү үндөбөй коймокпу: – Эмнеси өзгөчө… Бардык аялдар сен кылганды эле кылып келишет. Сен кыңк-мыңк дегениңди кой. Мен иштеп, сен үйдө отурасың. Анда аялы аңкилдеп кирди: […]

Жорж КАРЛИН: Сүйүүгө убакыт табыңыз…

ЭССЕ «Биздин замандын парадоксу ушунда экен; бизде имараттар бийик бирок сабырлуулугубуз төмөн, жолдор кенен бирок көз карашыбыз тар. Көп коротобуз, бирок аз карманабыз, көп нерсе сатып алабыз, бирок аз кубанабыз. Чоң үйлөрдө жашайбыз, бирок үй-бүлөбүз чакан, жакшы шарттарыбыз бар, бирок убактыбыз эч нерсеге жетпейт. Жакшы окуу жайларыбыз бар, бирок акылыбыз аз, жакшы билимибиз бар бирок кырдаалды баалаганды билбейбиз, эксперттерибиз көп, бирок ошого жараша проблемабыз да көп, саламаттыкты сактоо деле бар, бирок ден соолук жок. Көп ичебиз, көп чегебиз, көп эле […]

Атак-даңктуулардан дипломат чыкпайт, себеби оозуна келгенди оттоп салышат

Люк де Клапье ВОВЕНАРГ (1715-1747), француз жазуучусу  Эмгектен эмес, бекерпоздуктан көбүрөк чарчайсың. * * * Мээнетиңдин жемишин көргөндөн өткөн ыракат барбы? * * * Адамдардын керексиз нерселер менен алпурушканын койдуруш кыйын. * * * Кээде тубаса чечендин да улуу чындыктын түйүнүн чечмелеп берген кебине көпчүлүктүн акылы жетпейт. * * * Макоонун белгиси – эстутумунда ой, далилдер толтура, бирок ошолордон өз алдынча жыйынтык чыгарганга жөндөмсүз, кептин баары ушунда. * * * Жүрөк туйганга – акыл караандабайт. * * * Улуу дөө-шаалар […]

Бир сүрөттүн тарыхы (уландысы)

<<<<<<<<<<<<<<<БАШЫ «Коомдук иштин» коктуларында Тарых, улуттук дүйнөтааным менен кызуу алпурушуп жүргөн чагым. Петроглиф сырларына, скиф айбанат стили атыккан искусство дүйнөсүнө, алардан жалпылана калкып чыккан көчмөндөрдүн орнамент ааламына системдүү илик салып, улуттук философиянын уңгусун материалдык маданияттан излеп, издеп жүргөн кезим. Ошол кезде жан дүйнөмдү катуу козгогон, түйшөлдүргөн, мен үчүн өзгөчө орошон бир окуя болду. Сүрөт музейинде «Байыркы Хакас искусствосу» деген көргөзмө ачылды. Көргөзмөгө адеп киргенимде талып жыгыла жаздадым. Музейдин экинчи кабатынын дээрлик жарымын ээлеп Хакасия, Алтай мейкиндигиндеги таш сүрөттөрдүн көчүрмөсү күтүрөп […]

Убакыттан өткөн кеменгер жок

Фрэнсис БЭКОН (1561-1626), англис философу Китеп – мезгил агымындагы толкундардын үстүндө калкып, муундан муунга асыл ойлорду ташып жүргөн жүгү бар кеме сыяктуу. * * * Китепти сен бир нерсени жокко чыгарып, же бирөөнө каршы сүйлөө үчүн, же окуганыңдан ишеним таап, башкалар менен масилеттешүүдө сөзгө кыстара кетер нерселерди издеш үчүн эмес, өз алдыңча ой калчап, талдоого алууну үйрөнүш үчүн оку. * * * Китеп окуу адамды билерман кылса, маектешүү – баамчыл кылат, а окуган, уккандарыңды жазуу – тактыкка үйрөтөт. * * […]