Төрт жазмакер адабий конкурстан чыгарылды!

“Учур адабиятынын жаңы дүбүртү” конкурсунун биринчи айлампасы калыстар курамынын жана уюштуруучулардын чечими менен аталган конкурстун жыйынтыгы жокко чыгарылып, жаштардын чыгармачылык атаандашуусунун мөөнөтүн кайрадан узартуу чечимине токтолгон элек. Арийне, калыстар курамынын мындай чечимине көркөм табитке жооп бербеген чыгармалар арбын түшкөндүгү себеп болгон эле. Ал эми кийинки айлампадагы конкурска келип түшкөн чыгармалардын арасынан колго илинерлик алты автордун калемине таандык чыгармалардын төртөөсү буга чейин “Фейсбук” жана “Одноклассники” – интернет желесинде жарыяланып келгендиги анык болду. Аныгында аталган конкурстун Жобосунда “буга чейин эч жерде жарыяланбаган […]

«Учур адабиятынын жаңы дүбүртү» конкурсунун чечими

«РухЭш» сайты өткөн жылдын 28-сентябрында жаш калемгерлерге чыгармачылык атаандаштык түзүү максатында учур адабиятынын жаңы дүбүрт, жаңы ысымдарын жамы журтка таанытууну көздөп, 18 жаштан 35 жашка чейинки адабияттын жаш ышкыбоздору арасында конкурс жарыялаган элек. Аталган конкурс Жогорку Кеңештин депутаты, акын жана жазуучу Каныбек Иманалиевдин демилгеси жана демөөрчүлүгү менен уюшулуп, байге фондуна жүз миң (100 000) сом коюлган. Арийне, учурдагы улуттук адабиятыбыз алдыга эмес, артына кеткен мезгилге туш болгонун дал ушул конкурска келип түшкөн чыгармалардын маңызынан аңдоого болот… Конкурс жыйынтыгы чыгарылганга дейре […]