Булат ОКУДЖАВА: Гений

Автобиографиялык аңгемелерден Бул окуя согушка чейин болгон эле. Жай мезгили. Мен анда Тбилисидеги тайежемдикинде жашачумун. Он экиге жаңы эле чыккам. Ал  кездеги көпчүлүк өспүрүм балдардай эле мен дагы ыр жаза баштадым. Жазган ырларым өзүмө тим эле укмуш жазылгандай сезилет. Жазгандарымды  ошол эле замат тайежем менен тажездеме окуп берем. Чындыгында алар поэзия менен анча деле тааныш эмес болучу. Тажездем бухгалтер болуп иштечү, а тайежем керээлдин кечке үйдөгү жумуштары менен алек. Экөө тең мени жакшы көрүшчү, ошондуктан менин жаңы ырымды кунт коюп […]