Кожогелди Култегиндин кожо сөздөрүнөн

(Үчүнчү топтом) *    *    * Тообо, бала кезде балакеттей тентек болсок да, гүлдөргө таш аткан эмес экенбиз. *    *    * Самара Токтакунованы кыргыз эли тургай, кыргыздын комузу да жанындай сүйѳт экен! Ага далил, күүлѳнгѳн комуздун үч кылын бирден терип доош чыгарсаңар – тапа-так гана «Са-ма-ра» деп турат. *    *    * Майрам – карыпка да майрам. Карпына-карпына бөтөлкө жыйнап. *    *    * Айылдагы айрым майдалыктарды көрүп, андан мени окчун алып кеткен алпкаракуштун – Бишкектин болгонуна шүгүрчүлүк келтирдим. *    *    * Жигиттер […]