Украин эл жомогу: Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш

Балдар мага жакын жана ыңгайлуу отуруп, көңүл коё тыңшагыла. Мен силерге азыр төрт эже-сиңдилүү жыл мезгилдери жөнүндө кызыктуу жомокту, алардын кантип бизге кезектешип келип калганы тууралуу болумушту айтып берем. Баардыгыбыз эле каардуу кыштын артынан назик мүнөз жаз, анын артынан жайдары жай, анан акырында дайыма кабагы карыш түшүп жүрсө да берешен мүнөз күз келерин билебиз. Эмне үчүн алар дайыма ушинтип ээрчишип жүрүшөт? Кантип ар кандай мүнөздүү алар мындай тартипке келишти экен? Алгачкы кездерде алар ынтымактуу, тартиптүү болгон эмес дешет. Алардын ар […]

Украин эл жомогу: Ийне-жиптин иши

Бир жолу чыгырык жип менен ийне: – Тигүү ишинде ким негизги?- деп талашып кетишиптир. Чыгырык жип мындай дептир: – Кийим тигилип жатканда менсиз кездемелер бирикпейт, андыктан тигүү ишинде эң негизги каражат менмин! Ийне дагы өзүнүкүн бергиси келбей: – Менин учтуулугум жана курчтугумсуз сен кантип кездемелерди тешип өтүп, аларды бириктирип, кандай кылып тикмек элең, мени сайып тартканда сен артымдан ээрчип чубаласың, ошон үчүн мен негизгимин, – деп тигүүдөгү өз кызматын мактаптыр. – Учтуу болсоң эмне экен! Ал менин ийкемдүүлүгүм менен узундугумдун […]

Украин эл жомогу: Коркконго кош көрүнөт

Кичинекей чабак балык Клопик өзүнүн бош убактысында деңиз түбү менен сейилдеп, анын жашоочулары менен таанышканды жакшы көрүүчү. Анын үстүнө деңиздин түбүнөн көп кызыктуу буюмдарды табууга болот эле. Бир жолу ал өз үйүнөн батыш тараптагы жээкке жакын аймакты аралап келүү үчүн жөнөдү. Бул жерден осминог Вольт экөө деңиздин табышмактуу үстү жагынан түшкөн абдан кызыктуу буюмдарды көп табышчу. Ал компас, якордун сыныгы, жылтыраган жез тыйын сыяктуу табышмактуу нерселер адамдарга тиешелүү болгондуктан деңиз түбүндө жашаган жаныбарлардын кызыгуусу менен таңгалуусун абдан жаратчу. Бул жолу […]

Украин эл жомогу: Күн желеси неге мынча кооз?

Абдан чытырман жана түнт, ошого жараша сырдуу-сүрдүү токойдо түлкүнүн баласы Бачики жашаптыр. Ал көк шиберде достору менен кубалашып ойногонду, бадалдардын арасына жашынып алып бир туугандарын издеткенди, анан асманда көчкөн булуттарга көз салып чалкасынан жатканды, токой ичинде сейилдей басып көңүлдүү ырларды кайрыганды баардыгынан жакшы көрчү экен. Бир жолу анын башынан мындай бир кызыктуу жана сырдуу окуя өттү. Ошол күнү эртеден кечке катуу нөшөр жамгыр тынбай төгүп, аны күн күркүрөө менен чартылдаган чагылган коштоп, муздак шамал аркырай согуп турду. Калың бадалдын кургак […]

Украин эл жомогу: Падышалык кесип эмес

Бир кан жашаптыр, анын жалгыз уулу бар экен. Кандын баласы чоңойуп, эр жетиптир. Бир күнү кан аны суктана карап, ойлонду: «Мен карыдым. Кандыгымды балама өткөрүп берүүм керек. Эгерде анын да кичинекей мураскери болсо жакшы болор эле. Ошондо мен тынчыраак өлөт элем”. Бир күнү ал баласын өзүнө чакырды да, мындай деди: — Балам, сага колукту издөөгө убакыт келди го? Өз үй-бүлөңдү эртерек кур,- деген кан уулун чоң залга алып келди. Анын дубалдары сүрөткө толуптур. Алардын баары кыздардын сүрөтү экен. Анан калса […]

Украин эл жомогу: Ысымы жок кирпи жөнүндө

Жумшак жана ыңгайлуу ийининде сайгылак да, жагымсыз да кебетелүү бир кирпи жашаптыр. Ал андай болгону менен шайыр жана ак көңүл жан экен. Анын жакшы көргөн адаты  — токой боюнча сейилдеп, баардык жаныбарлар менен көңүлдүү түрдө учурашуу болчу. – Кандайсың барпаң куйрук!- деп ал тыйын чычкан менен жайдары учурашып, өзүнүн досу коёнго: – Делдең кулак дос, кандайсың? Биз жакка оромпой тээп ойногону кел!- деп чакырып өтчү. – Майпар чоң ата,- деп ал картаң аюуга акырын кайрылчу.- Сиздин үңкүрүңүздүн айланасынан козу карын […]

Украин эл жомогу: Боорукер канзаада

Илгери-илгери бир падыша жашаптыр. Анын ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу кызы бар экен. Анын даңкын уккан падышалар туш-тараптан далай ирет жуучу түшүп келишсе да, атасы аларга адам аткара алгыс тапшырмаларды берип, андан шылтоо таап кызын эч кимге бербей жүрүптүр. Бир күнү алыскы өлкөдө жашаган бир эр жүрөк канзаада падышага жагып, кызын алыш үчүн аттанып чыгат. Ошентип ал сапар тартып келатып жол боюнда жаткан кызыктай кишини көрүп туруп калды. Кызыктайлыгы менен таңгалдырганы ушу — күн куйкалап тийип турса да […]

Украин эл жомогу: Тикенектерди алып жүргүм келбейт

Кирпи тикенектүү жандык экенин баары эле билет. Көптөргө ал жакпайт. Бирок Кудай аны ушундай жаратса кантмек элек. Анын үстүнө ал кургур жанагы сайгылак күрмөсүн жайы-кышы үстүнөн түшүрбөй жүргөнү жүргөн. Эгер ал башкаларга ыңгайсыздык, ал тургай ооруксунуу жаратпаса анда эч нерсе эмес эле. Мисалы, кирпи чечен теңтуштары менен кубалашмак ойноп жатат дейли, анан бир маалда эле анын тикенеги тыйын чычканды сайып кетип, ал муну кирпи атайылап жасагансып таарынып калды. Бирок бул үчүн кирпинин эч кандай күнөөсү жок да! Же болбосо кирпи […]

Украин эл жомогу: Жолборстун мышыкка боору ооруганы

Айыл четинде дыйкан жер айдап жүрдү. Бул күнү үймө үйдөн кош айдаган өгүз менен атты мышык ээрчип алган. Кош айдоо кызыган убакта мышык токойдун четинде көпөлөк, чегирткелерди кубалап ойноп жүргөн. Ошол убакта токойдон жолборс чуркап чыгып мышыкты көрдү да, аябай таң калып сурады: — Иничек, байкашымча сен биздин тукумдан окшойсуң, бирок неге мынча кичинекейсиң? Куу мышык байкуш боло калды да, мындай жооп берди: — Эх, улуу урматтуум, айбанаттардын падышасы, адамдардын арасында жашоо кандай оор экенин билсеңиз кана! — Сени кысымга […]

Украин эл жомогу: Меймандостук сыйы

Жанагыл токойлордо “чырлыйт-чырлыйт” этип учкан кызыл төштүү бачайы чымчык бир кезде мынчалык кооз эмес, бозоргон эле көрксүз канаттуу болуптур. Андай болгону менен ал абдан меймандос экен. Ал тургай бул боз чымчык жумуртка же балапан издеген жылан уясына сойлоп келсе да сыйлаганга аракет кылчу имиш. Ошондуктан ал меймандостугу менен абдан даңкталыптыр. Бир жолу анын үйүнө алыскы туугандарынан болгон короолу чымчык менен таранчы күтүүсүздөн келип калышат. Үй ээси канчалык меймандос болсо да аларды кантип сыйлаарды билбейт. Анткени ошол күнү кара басып, анын […]