Габриэль Гарсиа Маркес: Жалгыздыктын жүз жылы (уландысы)

РОМАН <<<<<<<<<<<<<Мурда жарыяланган бөлүгү III ГЛАВА Пилар Тернеранын уулу жарык дүйнөгө келгенинен эки жума өткөндөн кийин ымыркайды чоң ата, чоң энесинин үйүнө алып келишти. Эри Буэндиалардын тукуму кор болбошу керек деп көшөрүп туруп алгандыктан, Урсула аргасыздан бөбөктү алып калды. Бирок ал бала өзүнүн төрөлүш тарыхы тууралуу эч нерсе билбеши керек деген шартты койду. Наристеге Хосе Аркадио деп ат коюшту. Бирок атасы менен чаташтырып албоо үчүн аны бара-бара жөн гана Аркадио деп чакыра башташты. Бул тушта Макондо эли соодага берилген, Буэндиалардын […]

Тахир МАЛИК: Шайтанат (Уландысы)

ПОВЕСТЬ Башы 3 Чынында бул түйүндүн чечими анчалык деле оор эмес эле. Чечимге Ноила өлтүрүлгөн түнү из салынса да, анын аткарылуусу 1988-жылдын 31-декабрында ишке ашты. Атасын алып кетишкенден бери ушул күн, Григориян календары боюнча жаңы жылды тосчу күндүн түнү Асадбек үчүн аза тутуу түнүнө айланган. Ал бой жеткен учурунда да, үйлөнүп, бала-чакалуу болгонунда да, кийинчерээк айланасына адамдар топтолуп, кудуреттүү күчкө ээ болгондо да жылдын ушул акыркы түнундө жалгыз калат эле. Бул күнү эч ким анын тынчын алчу эмес. Аныгыраагы, анын […]

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: Альфред Нобель жана физика (уландысы)

Нобель сыйлыгына ээ болгон физиктер жөнүндө баян Мурда жарыяланган бөлүгү: Альфред Нобель жана кайрымдуулук 2. Вильгельм Рентген жана анын атактуу нурлары Нобель Комитети 1901-жылы Нобель сыйлыгын немис физиги Вильгельм Конрад Рентгенге ыйгарганда төмөнкүдөй текст кабыл алган :“Өз атынан аталган эң сонун нурду ачып, илимге көрсөткөн баа жеткис кызматы белгиленсин”. Рентген деген сөз бизге бала кезибизден эле тааныш жана табышмактуу. Эмне үчүн тааныш? Себеби, ар бир медициналык кароодон өткөнүбүздө дарыгерлер рентген сүрөтүнүн негизинде ички органдарыбыздын абалын изилдеп, анан дарылоону баштайт. Айрыкча сынык, […]

Турсунбек Акундун балалыгы жөнүндө китептен (уландысы)

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун өзүнүн кичи мекени туурасында  китеп жазууга камынган кербези экен. Автордун айтымында, балалыгынан баштап саясый турмушка аралашкан өмүр таржымалы да сүрөттөлмөкчү. Учурда бул эмгеги басмага даярдалып жаткандыктан, азырынча «РухЭш» сайтынын окурмандары үчүн автордун өтүнүчү менен айрым урунттуу учурларын жарыялоону эп көрдүк. Арийне, Турсунбек мырзанын жазгандарын эч бир оңдоп-түзөөсүз жарыялоону туура көрдүк… Мурда жарыяланган бөлүгү Ошентип атам апам болуп жылкыларга күнүнө беш-алты жолу чана менен чөп чачып,  совхоздун породалуу, таза кандуу жылкылары ошондой калың карга чыдап катаал […]

Олжобай ШАКИР: Шарияттын адаштырган жолу (уландысы)

<<<<<<<<<<Башы – Ата, Абдыбек байкем үйдө бекен? – артта отуруп келаткан Салтанаттын үнү Турсундун кулак түбүнөн жаңырды. – Атаңды жолдон алаксытпа, – Закен Турсундун ордуна жооп кайтарды: – Ооба, үйдөмүн деген үчүн келатпайбызбы, кызым. «Атаңдын гөрү-эй, адам баласы эмнеге тукум күтөт?» – өз суроосуна өзү жооп таппайт Турсун. Ичинен күрсүнөт. Уулу эрезеге жеткен соң, ата-эненин тапкан мураты шулбу? Уулдан убайым көрөр жашоо ыракаты кайсы? Абдыбегин дээринде данек бардай медер тутунчу эле го. Кенедейинен зээндүү көрүнгөнсүгөн баласы минтип мөртү келгенде мөгдөтөрү […]