Үмүт Култаева: Улутту жок кылуунун оңой жолу

Дүйнө эмне дейт? Маалымат технологиясынын акыркы кабарларына кулак салганда, жүрөктүн үшүн алган мына бул дүйнө жаңырыгы окурманды ойго салбай койбойт ко, чиркин. Түштүк Африканын бир университетинин кире беришиндеги маалымат тактайга  жазылган экен: “Кандай гана улут болбосун, аны жок кылуу үчүн сөзсүз эле атомдук бомбаны же алыскы кыймыл радиусу бар ракетаны колдонуунун кереги жок. Болгону – билим берүүнүн сапатын төмөндөтүү жана окуучуларга жалган экзамен тапшырууга уруксат берүү жетиштүү. Ошондо: доктурлардын колунан адамдар өлөт; инженерлердин колунан имараттар кулайт; экономист, бухгалтерлердин колунан акчалар […]