Рух дарагы: Дүйнө тааным VI

Адамзатын глобалдуу башкаруу куралынын эң башкысы — бул дүйнө тааным. Калгандарынын баары ушул дүйнө тааным аркылуу башкарылат. «РухЭшке» жарыяланган буга чейинки беш макалада алар жөнүндө азын-оолак кеп салынды. Алар: 2. Тарых, 3. Идеология, 4. Экономика, 5. Геноцид, 6. Аскер куралдары. Буларды төмөнтөн жогору көздөй иерархия тепкичи менен таанышып чыккан максатка ылайыктуу жана түшүнүүгө да оңой. Бир караганда өтө эле жөнөкөй көрүнгөнү менен, бул өтө татаал, майда-баратына чейин так эсептелген башкаруу системасы. Дүйнөтааным — бул адамдын турмушка болгон саясый, адеп-ахлак, диний […]

Жапон эл жомогу: То Ми жана анын аялы

Пекче мамлекетинин борборунда То Ми аттуу  киши жашаптыр. Анын аялы абдан сулуу болгонуна жараша  адамгерчиликтүү, мээримдүү, акылдуу жана ыймандуу экен. Кыскасы, ал аялдын төрт жагы төп болгон дешет. Ошондон улам анын даңкы далайга кетип, акыры ал жөнүндө император да угуптур. Бирок анын эң жакшы аял экенине король ишенбей; “сулуу, ыймандуу, акылдуу дагы аял бул жарыкта болбойт”,- деп ойлонуп, анан өз желдеттерин  жиберип  То Мини ак сарайга алдырып келет. Ал байкуш улуу даражалууга эмнесинен жазганын билбей башы менен жер сүзө чөгөлөп […]

Улутуңдун уңгусун сакта

Улуттун уңгусун тили, кийими, маданияты түзөт. Анткени тили, кийими, маданияты болбогон улут да улутпу. Бир элди башка элден айырмалап, улут деген аталышка ээ кылып турган тили. Тил – улуттун жүзү, ар-намысы. Тилдин жоголушу улуттун жоголушу дегендик. Азыркы мезгилде эне тилдин бузулушу өтө көйгөйлүү маселеге айланууда. Улуттун тилинин бузулуу проблемасы дүйнө элдерин түйшөлтүп, эчен кылымдарды карытып келет. Кечээ эле, бир кылым мурда орус элинин тилге болгон мамилесин мисалга тартсак жетиштүү болор. Алар ошол учурда французча билбеген орусту экинчи сорттогу адам катары […]

Мырзабек ЧОКОТЕГИН: Кыргыз жылкысы

Борбордук Азиянын аймагында өмүр кечиришкен байыркы бабаларыбыз б.з.ч. III миң жылдыктын ортосунда ааламда эң алгач жылкыны колго үйрөтүп, жашоо-тиричилигинде урунган калк болгон. Бул жөнүндө бүт өмүрүн кыргыз тарыхына арнаган атактуу окумуштуу Анвар Байтур өзүнүн эмгегинде (Кыргыз тарыхынын лекциялары, I китеп. – Б., 1992, 16-бет) Ван Жылайдын ханзуча жазылган (Орто Азия тарыхы, 1980, 9–10-беттер) эмгегине таянып: «Энесай дарыясынын баш агымында жана Алтай тоолорунун этектеринде жашаган ата-бабаларыбыз дүйнө тарыхында жылкыны эң тунгуч ирет пайдаланган адамдардын бир бөлүгү болуп эсептелет, жылкыны колго үйрөтүү […]