Лев ТОЛСТОЙ: Ишеним жөнүндө насыйкат

(«Жашоо жолу» аттуу чыгармасынан) 1.Адамга жакшы жашоо үчүн, ал эмнени жасашты жана эмнени жасабашты билиши керек. Ал эми аны билиш үчүн ишеним керек. Ишеним — бул адам деген ким жана ал бул дүйнөдө эмне максат менен жашап жүргөнүн билүү. Мындай ишеним ар бир акыл-эстүү адамда болгон жана боло берет. ЧЫНЫГЫ ИШЕНИМ ЭМНЕДЕ 2.Адамга жакшы жашап өтүш үчүн, жашоо деген эмне жана бул жашоодо эмнени жасаш керек, эмнени жасабаш керектигин түшүнүш керек. Байыртадан, бардык элдерден чыккан акылмандар ушинтип окутуп келишкен. Бардык […]

Эң кедей адам – жеткен сараң келет

Сиддхартха Гаутама (Будда) Жүрөгүңдү ачуу заардан тазала, жек көрүү менен жек көрүүнү жок кыла албайсың, бир гана  жек көрүүнүн жоктугу, жек көрүүнү өлтүрө алат ♦ ♦ ♦ Ачууңду тыя албай жинденгениң — бирөөнү ысык чок менен ургандай кеп, эң ириде өз колуң күйөт. ♦ ♦ ♦ Жаштыгына манчырканып мас болуп, карылыкка көзү жетпеген чабалдар, шордуу адамдар! ♦ ♦ ♦ Бүкүрдүн белин түзөгөнчө, андан дагы оор нерсени жасап, өз далыңды түздөп басканды үйрөн. ♦ ♦ ♦ Башыңа түшкөн кыйынчылык, өзүңдүн бир […]

Чыңгыз АЙТМАТОВ: Дүйнө бүтүн болушу мүмкүнбү же Ислам неликтен өзгөчө токонаалатка учурады?

Үстүбүздөгү  кылымдагы канды булоон каргаша,  кашайгыр, кайдан,  космос мейкиндерин технологиялык жана антропологиялык жактан  өздөштүрүүгө  көчкөн  береги  цивилизациянын кайсы көрүнөн чыкты,  чар тарабыбызда  эл аралык террорчулук деген  аталыштагы   ашынган  карамүртөздүк менен зордук-зомбулук эмне үчүн   чайлап-коолап  баратат?   Террорчулук  кадимки  казават  согуштардын  сөөктөн  өтүп, чучукту көзөгөн  азаптуу  сабактарынын  алгылыктуу  натыйжасында  жаралган  улуттардын бейпил  да,  прогрессивдүү  да  жанаша   күн кечирүүгө   умтулуусун астыртан, аста-секин  жексендөөчү   калк  ара  диверсиялык уруш  болуп  жүрбөсүн? Баякы кырды бычак сабаштардын  залакасы  жетишсизби?  Анда   неге террорчулук окуясы  эң оболу  жана  дүңүнөн […]

Махатма Ганди: Кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз

(1869-1948) Индиянын мамлекеттик ишмери Мени ыйыктын ыйыгы санашат, а саясат мени эбак бузуп салган. Чынында саясат аркылуу барын түптөөгө болот: менин ыйык болуп калганым ошондон. * * * Биз сымаптай кылтың саясаттан, уят-сыйсыз ыракаттан, мээнетсиз байлыктан, кулк-мүнөзсүз илим-билимден, адамгерчиликсиз аалым болуудан, битибизден бизнес жасамайдан, анан кудайга куру сыйынган жосундарыбыздан өлүп атабыз. * * * Дайыма карама-каршылыгыбызды ачык билдиргенде гана алдыга жылабыз. * * * Саясый эркиндиктен мурда тазалык маселеси маанилүү. * * * Зергерлик мээнет болмоюн жез, күмүш, алтындын куну […]

Абай КУНАНБАЕВ: Казак калкынын бузукулугу-ай…

«Керегем сага айтам, келиним сен ук» Кыргыз накылы Биринчи сөз Бул жашка келгенче жакшы өткөздүкпү, жаман өткөздүкпү, айтор далай өмүрүбүздү өткөздүк; алыштык, жулуштук, айтыштык, тартыштык – оорчулукту көрө-көрө келдик.Эми эл ортону жашка келдик: кажыдык, жалктык. Кылып жүргөн ишибиздин баары баянсыздыгын, байымсыздыгын көрдүк, бир корчулук экенин билдик. Ал эми калган өмүрүбүздү кантип, эмне кылып өткөрөбүз. Ошону таба албай өзүм да айранмын. Мал багуу? Жок, бага албайм. Балдарым өздөрүнө керегинче өздөрү багаар. Эми картайганда кызыгын өзүң түгөл көрө албай турган, ууру, залим, […]

Эзоптун сапары

Которгон Акун АШЫРОВ Дүйнөгө сейрек жаралуучу бүткүл адамзаттын улуу тукумдарынын бири тамсилчи Эзоп – фригиялык кул болгон, ошол жерде төрөлгөн. Кебетеси көргөн адам чыдагыс желмогуздун желмогузу, эч жумушка жарамсыз, карды чарадай, башы казандай, мурду теңирекей, бүткөн бою чамбылала, териси кара какач баскандай, өзү майып, тили көрмөөгө келбейт, кол-буттары мыртыгый, урдалы, эриндери калбайып калың, көздөрү тосток, айтор, адеп көргөн кишинин жүрөгү түшкүдөй. Анысы аз келгенсип жаңдоодон башканы билбеген дудук. Биринчи көргөн ит үркөт. Анын тили сүйлөбөй, колунан эчтеке келбеген себептүү кожоюну […]

Паскаль – адамзат тарыхындагы эң көрүнүктүү адамдардын бири

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Француз философу, жазуучу, математик жана физик Блез Паскаль 1623-жылы 19-июнда Франциянын Клермон-Феррон шаарында туулган. Атасы Этьен Паскаль белгилүү математик болгон. Блез үчкө чыкканда энесинен ажыраган. Ошол мезгилде Блез өзү да ооруп араң айыккан, аны көз тийгенден деп эсептешкен жана кийин да оорулуу болуп чоңойгон. 1631-жылы Блез атасы жана эки эжеси менен Парижге көчүшкөн. Атасы ошол мезгилдеги салт боюнча өз кызматын сатып, балдарын тарбиялоого өткөн. Уулуна латын тилин, математиканы үйрөткөн. Бир жолу түшкү тамак маалында кимдир бирөө фаянс […]

Чыңгыз Айтматовдун орошон ойлорунан

МУРАС * * * Элдин өмүрү анын тилинде, элдин тили – бул феномен, бул жалпыга маанилүү кымбат нерсе. Ар бир тил – жалпы адамзат генийинин кенчи. Кайсы элге тиешелүү болгонуна, өнүгүүсүнүн кандай деңгээлде экенине карабастан, ар кандай тилди теңсинтпей, аны менен эсептешпей коюуга акыбыз жок. * * * Эпос качан болбосун элдин көңүл-көөнүндөгү аздектеген сөзү, эл тагдыры жөнүндө анын уламыш санжырасы болуп келген. Биздин мезгилде, индивидуалдуу чыгармачылыктын мезгилинде ал дал ушул маанисинен таялек. * * * … адам турмушунун ар […]