Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин Айтматовго жана кыргыз элине болгон урматы

Өзбек элинин үлкөн  жана ардактуу досу Өзбек жана кыргыз калктарынын тарыхы, маданияты менен  руханияты, анан калса, тагдыры окшош экендигин  миң  сандаган  мисалдардан, асыресе, алга карай өсүү өрүшүндөгү  маданий-гуманитардык байланыштарыбыздын мисалынан даана байкашыбыз  мүмкүн. Бул тууралуу кеп козголгондо , ириде, кыргыздын залкар  жазуучусу жана чыгаан коомдук ишмери Чыңгыз Айтматовдун атын атоо абзелдир. Өзбекстанда береги улуу сүрөткердин китептери орун-очок  албаган бир да үйдү, анын эң сонун повесть  жана романдарын окубаган, булардын  негизинде тартылган кинотасмаларды  көрбөгөн бирди-жарым кишини табуу кыйын десек жаңылышпайбыз. Ал […]

Валентин РАСПУТИН: Аялдардын сүйлөшүүсү

АҢГЕМЕ Кыш ортологон ченде Вика алыскы айылдагы чоң энесиникине аргасыз келип калды. Он алты жашында боюнан алдыруу оңойбу. Кошулган шойкомдуу тобу жолдон чыгарган эле да. Мектепти таштап, үй бетин көрбөй безип жүргөн чарк айланып. Ата-энеси кокуйлап айлампадан сууруп алганча кыз кош бойлуу болуп калган экен. Ооруканадан кийин бир жума үйдө жаткырышты, анан атасы эски «Нивасын» жүргүзүп, каяша кылганга чамасы келе элек немени чоң энесиникине сүргүндөп салды, тарбия-таалим алсын деп. Мына эки айдан бери тарбияланып, азап тартууда: курбу издебеди, чоң энесинин […]

Ашым Жакыпбековдун студенттик күндөлүгүнөн

1954-жылдан 1959-жылга чейинки күндөлүк. Фрунзе шаары. Кыргыз мамлекеттик университети. Филология факультети. Мына, саат 2.00. 1957-жылга да жетип келдик, 1956-жыл калды, өмүрдүн бир бутагын кертип калган бойдон улам артта калып, улам мунарыкка сиңип көздөн учуп баратат. Кантели, тагдыр ушу болгон соң, кош! Атаганат, «өмүр өчпөс болсочу». Түндө Жапардыкында болуп, алардын «семейная драмасынан» бир үзүндү көрдүм. А да турмуш. Эл өз жаны менен алек, а мен ал учурда ал «драманы» кантип жазууну ойлоо менен алекмин. Үйдөгүлөр аял ал деп кыйнашат. Макул, албай […]

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ: Адабий тарыхка акыйкат кеп калсын

АДАБИЙ МУРАС Редакциядан: Котормочу А.Жакыпбековдун чыгармачылык өнөрканасына кошо турган бул интервьюну өз кезегинде Чолпон Жолдошева уюштурган экен. Ал өз мезгилинде өтө популярдуу гезит – «Кыргызстан маданиятына» жарыяланган (18-август, 1993-ж.) Арийне, адабият илиминде бул урунттуу жагдай айтматов изилдөө илимине чымындай үйүлгөн адабиятчылардын, илимпоздордун көңүл сыртында келатыр. Ошол олуттуу маселени окурман эсине салып коюуну эп көрдүк. (Алым Токтомушевдин жеке архивинен) А.Жакыпбеков кыргыз окурмандарына кадыресе таанымал жазуучу. Бирок Чыңгыз Айтматовдун бир топ чыгармаларын кыргызчалатканы көпчүлүккө анчалык дайын эместей. Сөз ошол тууралуу болсун. Алгачкы […]

Лу Шүн (Лу Цинь): Эстен кеткис элестер

Жазуучунун таржымалы ХХ кылымдагы улуу жазуучулардын катарында турган Лу Шүн (1881-ж., 25-сентябрда туулуп, 1936-ж., 19-октябрда каза болгон, чыныгы аты Чжоу Шужэн) – азыркы кытай адабиятынын негиздөөчүлөрүн бири. Япониядан билим алып, врач кесибине ээ болгон. Орус-япон согушунда публицист катары коомчулукка таанылган. Анын Японияга барганга чейин темир жолчулардын академиясынан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, немец, англис тилин үйрөнүшү, чет тилдеги көркөм адабиятты окушуна шарт түзгөн. Лу Шүн билимдүү үй-бүлөдөн чыккан. Анын чоң атасы Чжоу Фуцин Ханьлинь Академиясында кызматта болгон. Кийин атасы паракорчулукка […]