Лев Толстой: Ыйман сыры

(Басылып чыкпаган чыгарманын кириш сөзү) I Мени чокундурушкан жана православие дининде тарбиялангам. Мага анын окууларын кичинекей бала кезимде, өспүрүм кезимде анан жаш улан кезимде да окутуп келишти. Бирок, мен 18 жашымда, университеттин экинчи курсун аяктап чыкканда, мага ушул убакытка чейин кулагыма куюп окутуп келаткан нерселердин бирине да ишенбей калдым. Кээ бир эскерүүлөргө караганда, мен бала кезимден эле чоңдор мага үйрөтүп жаткан нерселерге ишенимим анча бекем болбоптур, алардын айткандарына анча деле маани берчү эмес экенмин. Он бир жашка чыкканымда, көп жыл […]