Коркут Ата: Сөзүнө ээ болалбаган адам ала турган жооптун азабын тартат

Коркут Ата – огуз түрктөрүнүн “Коркут Ата” (Dede Korkut) китебиндеги  окуяларды баяндаган негизки каарман. Ал огуздардын жашоосун жогорку деңгээлде өздөштүргөн, каада-салтын жана төрөлөрүн мыкты билген, уламышка айланган акылман катары сыпатталат.  * * * Тили кесилип же дүлөй жаралып калганы үчүн бир бурчта отурган адам тилине ээ болалбагандардан төөлүк өйдө. * * * Макулуктардын эң жогору бааланганы – адам. Жаныбарлардын эң төмөн бааланганы – ит. Бирак Кудайын тааныган ит – ырысын тепкен адамдан жогору. * * * Адамда адеп жана өнөр, […]

Аль-Фараби: Жакшы бир адам бул дүйнөдөн өткөндө ага көз жашыңарды төкпөгүлө…

Эч бир нерсе өзүнөн өзү жок болуп кетпейт, эгер ошондой болгонунда бар болбойт эле. * * * Алгач чындыкты билүү керек. Чындыкты билсең — катасын табасың, бирок алгач катасын таап алсаң, чындыктан кол жууйсуң. * * * Адам баласы кээде кокустан жакшы иштерди жасап алат. Кээде жакшы иштерди көңүлү менен эмес кимдир бирөөнүн басмырлоосу менен жасайт. Мындай иштер бакыт алып келбейт. * * * Бир адамдын адептүү экенин билип ага туура мамиле жасабаган адам, анын адептүү экенин билбей туруп туура […]

Муратбай НЫЗАНОВ: Реклама

«Мыкты котормо» критерийи боюнча конкурсубузда 3-байгеликти жеңген Урматбек Нурсейит уулу кыргызчалаган чыгарма окурмандар назарында… АҢГЕМЕ Жоро-жолдоштун болгону жакшы экен. Кыйналганыңда кеңешин айтат, кубансаң бирге кубанат, капа болсоң кайгыңды тең бөлүшөт. Досуң көп болсо жүгүң жерде калбайт. Бактымды сынап көрүү үчүн башымды жеке ишкерликке байлагандан бери ар кимдин маслахатына муктаж болуп калдым. Эмне кылсам да ишим жүрүшпөйт. Же акча табылбайт, акча табылса сарптай турчу иш табылбайт. Эми жок оорууга туш болгон адамдай көңүл бурган киши болсо ак жеримден жарылып кетем. — Ишиң […]

Худайберди ХАЛЛЫ: Карышкыр

Боордош эл адабиятынан Түркмөнстандагы катаал саясый режимден улам Европада бозгунда жүргөн түркмөн жазуучусу Худайберди ХАЛЛЫ туурасында буга дейре «РухЭш» сайтында анын маегин жарыялап (Саясый куугунга кабылган түркмөн жазуучусунун тагдыры), чыгармалары менен кыргыз окурмандарын тааныштырууну убада кылган элек. Убадабыз боюнча таланттуу жаш котормочуларыбыздын бири, түрколог Урматбек Нурсейит уулунун эмгеги менен түпнускадан кыргызчаланган боордош жазуучубуздун «Карышкыр» аттуу аңгемесин сунуштайбыз… АҢГЕМЕ Жер бетине жарык түшкөндөн бери ал коркунучтуу кездешүүнү күтүп жатты. Күн уясынан чыгып, жерден көлөкө көтөрүлгөндө күрүлдөгөн жагымсыз үн угулду. Күрүлдөгөн үн […]

Лев ТОЛСТОЙ: Акула

АҢГЕМЕ Биздин якорлуу кемебиз Африка жээгине токтогон. Күн мемиреп, деңиз толкуткан таза шамал бар эле, бирок күүгүм киргенде аба ырайы өзгөрдү: Сахара чөлүнүн ысык аптабы каптап, жадатма үп пайда болду. Күн батаарга жакын капитан палубага чыгып кыйкырды: “Сууга түшө берсеңер болот!” Матростор сууга дароо секирип, парусту сууга түшүрүп байлашты да, парус үстүнөн сууга секирүүнү уюштура коюшту. Кемеде биз менен бирге эки жаш бала бар эле. Биринчилерден болуп сууга балдар секирген, бирок парустун ичи тыгылыш болгондуктан, алар ачык деңизде жарышып сүзүүнү […]

Халит Зия УШАКЛЫГИЛ: Ферхунде Калфа

1866-1945-жылдар аралыгында жашап өткөн боордош түрк элинин белгилүү романисти жана жазуучусу. Сервети Фүнун жана Жумхурият адабий доорунун өкүлү. Сервети Фүнун адабий доорунун көрүнүктүү кара сөз чебери. Эң көлөмдүү түрк романы катары эсептелген “Ашкы Мемнунун” (Aşk-ı Memnu) автору. АҢГЕМЕ Калфа-хан сарайлардагы же мейманканалардагы кызматкерлерди башкарган кыз же аялдар. Калфалар жаш кезинен мейманканаларга же үйлөргө кызматчы катары алынып, ошол жердин салты менен чоңойтулат. Жана үй ээлеринин уруксаты жок турмушка чыга алган эмес. Ферхунде үйдүн кичине кызы Хесна ханым менен чогуу чоңойду. Ошондуктан […]