Салижан ЖИГИТОВ: Өзүбүздөн башканын баарына нааразыбыз (1-сабак)

— Чарба жүргүзүүнүн социалисттик механизми элди эмгек маданиятынан алыстатып койду дегендей ой айттыңыз. Бир аз конкреттештире кетесизби? — Мына, эгинге келели. Кыргыздар согуштан кийин жемди деле, нанды деле өзү даярдап алчу, соко менен айдачу, орок менен оруп, чийне менен ташычу, молоташ менен майкандап басып, данын өзүнчө, саманын өзүнчө бөлүп, анан ар бир айылдын тегирмени же эки үйдүн биринде жаргылчак болор эле, ошого тартып ун кылып алчу. Зыгыр же чемичке айдап, май чыгарчу. Кант менен болсо өзүн түгүл, башкаларды да камсыз […]

Үмүт КУЛТАЕВА: Шакиртиме жан сырым…

(Эссе ордуна) Мен сөз кылчу жаш адам кытайлык кыргыз уланы – Дабыт Абдылбары. Табиятынан зирек, кытайлык кыргыздардын арасынан каргадай жаш өспүрүм курагында эле суурулуп чыккан Дабыт тарыхый мекени Кыргызстанга барууну мектеп окуучусу кезинен эңсеп, интернет аркылуу байланышка чыгып жүрүп, коомчулукка “Көк асаба” гезити аркылуу 2013-жылдан бери тааныш. Дабыт 2014-жылы Кытайдын Ланжоу шаарындагы Түндүк-Батыш улуттар университетинин филология факультетинде котормо жана котормо таануу бөлүмүн бүтүргөн. Өспүрүм курагынан макала жазып, улуттук тил, тарых, адабиятка кызыгып келет. Кытай, англис, түрк, фарс тилдеринде эркин сүйлөйт. […]

Алым ТОКТОМУШЕВ: Сабак

ЖОЛБҮГҮН Прекрасная вещь — любов к отечеству, но есть еще нечто более прекрасное — это любовь к истине. П. Я. Чаадаев. «Апология сумасшедшего» Петр Чаадаев акыйкат деп ак урган киши эле. Атамекенди алдагандан көрө айыбын ач дечү. Андай «артыкчылыгынын» азабын да тартты. Орус падышачылыгынын каарына калып, «акылдан айныган айбан» маанисинде каргы илинди. Расмий. Ашынган патриоттор адашкан иттей талады. Акыл айран калгыдай аналогия: ошол сыяктанган токонаалатка бир жарым кылым ашуун мезгилден кийин биздин улуу устат Салижан Жигитов да туш болду. Эсиңиздеби, […]

Садык АЛАХАН: Адабиятчылардын агайы

*  *  * Өткөн кылымдын 50-60-жылдары төл адабиятыбыздын бардык жанрлары үчүн таланттуу, мээнеткеч жаш таланттар менен толукталуунун мезгили болгондугу бүгүн атпай журт мойнуна алчу айныксыз факт болуп калды. Көптөгөн жанрлардын катарында адабий көркөм сын да жаңы күчтөр, жаңы таланттар менен толукталып жатты. Улуттук адабий көркөм сындын пайдубалын түптөшкөн Токчоро Жолдошев менен Тазабек Саманчинден башка 20-30-40-жылдары сын макала жазгандардын дээрлик баарысы акын, жазуучулардын өздөрү болушуптур. Арийне, Жараткан жар болгон талант-дараметин проза же поэзия менен байланыштырган ал калемгерлердин сын макалаларга жасаган мамилелери […]

Мезгилди багынткан да мектеп болот

Чыгыш адабиятында устат деген улуу сөз бар, устаттын артынан ээрчиген шакирттери болот. Өзгөчө бул чыгармачылыкта өтө өнүккөн салт, мисалы, Жунай Мавлянов, Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султановдун өзүнчө мектеби бар. Ушундай жөрөлгө университетибиздин журналистика факультетинде уланганы жагымдуу таасир калтырат. Анткени болочок журналисттерди дасыккан тажрыйбалуу адис окутса, сөзсүз ал өзүндөй тарбиялап алат. Билгенге ошол чыгармачылык студенттер үчүн чоң олжо. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты Матисаков Абдиламит агайдын студенттерге сабак берип калгандыгы чоң ийгилик десек жаңылышпайбыз. Буга чейин […]

Алым Токтомушевдин ачылбаган сандыктагы поэзиясынан

  «Проза – поэзияга, Поэзия – прозага умтулуу» Дептердеги жазуудан ЧЕКСИЗ ТАЛАП… Өз жайыма койгула мени, бейиштин, жайлоонун да жок кереги. Бу түрмө жетет мага, ошенткиле кай үмүт орден, кызмат, атак-даңктан, акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан оолак жашап көрөйүн бир оокумга, бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө. А эгер берген болсоң алам анда орденди жезден сокпой соксоңор тыным билбес жүрөктөрдөн. Алаар элем атакты берген болсоң, сан-түмөн клеткалуу мээлериңден… Апендиликпи?! Жок жомокпу?! Күлбөгүлө! Өз жайыма койгула мени, ошенткиле! 17-январь, 73-ж. АВТОПОРТРЕТ Жаралгамын […]

Оноре де БАЛЬЗАК: Динсиз адамдын ибадаты

Французчадан которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы   НОВЕЛЛА Париждеги окуу жай. Медицина бөлүмүнүн Европпа медицинасын өнүктүрүү борборунда атактуулардын тизмесине кирип, жаш чагында эле медицина илимин баа жеткис физиологиялык теориясы менен байыткан врач Бяньшон медицина илиминин терапевт тармагына баш багардан мурун бир топ жыл хирургия тармагында да тажрыйба топтогон. Ал алгачкы тажрыйбасын Франциянын эң атактуу медицина илиминин аалымы болуп метеордой бир жарк эткен хирург Деплендин кол алдында өтөгөн. Ал инсандын колдонгон жеке ыкмасын өзү менен кошуп ала кеткен себебин, талантынын өзгөчөлүгү жана ал […]

Салижан ЖИГИТОВ: Адабият жана адабий сын*

Көсөмдүн көмүлгүс ойлорунан Бизде аракеттеги сынчылар аз. Кийинчерээк адабият илимине илээшип жүргөндөрдүн баарын эле сынчы деп атап алдык. Адабияттан илимдин докторлору да бир топ, ал эмес кандидаттар өтөле көбөйүп кетти десе да болот. Бирок адабияттын аркасы менен өз ырыскысын таап жүргөндөрдүн көбү, б.а., илимпоздордун көбү сын жазганга шайы келбейт, бир тобунун таланты, бир тобунун темпераменти жок. Ошонун азабынан бизде сынчы катары аз эле киши аракет кылып жүрөт. Анын үстүнө динчилер динден кайткандай, мурдагы катуу чыккан сынчылар сындан кайтып жатат. Бул […]

Устат-шакирттен учкул кеп

Улуу устат Салижан Жигитовдун шакирттери албетте, аябай көп. Аны ээрчип ташка тамга баскандай күлкүсүнө, аңгемесине кангандар андан көп. Гезит-журналдарга, телерадиого интервью алгандар да арбын. Арийне акырын абай салсак, а кишиден менден көп интервью алып, басма бетине жарыялагандар жок болсо керек. Андай «кызматташтык» экөөбүздүн ортобузда өткөн кылымдын 80-жылынын ортосунда башталып, а киши бу дүйнөдөн көчкөнгө чейин уланды. Мен аларды барактап отуруп, Устаттын айрым ойлору ушул күндө да урунттуу мааниге ээ экендигин эстедим. Ошондуктан алардан үзүп-жулкуп болсо да жарыялап турууну туура таптым. […]

Адеп аңгемелери: Устатка мамиле

Абдыкерим МУРАТОВ «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата Байыркы Гират шаарында ошол жердин өкүмдары Хусейин Байгара өз увазири, атактуу акын Алишер Навои менен атчан өтүп бараткан. Бир убакта алар арык боюндагы кумда ойноп жаткан балага кезигет. Баланын булар менен иши жок. Аны көрө калып увазир-акын Алишер атынан ыргып түштү да, эки колун бооруна алып: — Ассалому алайкум, мавлоно теги! — деп учурашып калды. Баланын болсо дале иши жок, оюнун улантып жатат. Анан Навои да атына минип жолун улады. Буга таң […]

Салижан Жигитовдун сабактарынан жанган учкундар  

Көсөмдүн көмүлгүс ойлорунан …Кыргыз тили — эларалык тил деп закон кабыл алып, Конституцияга киргизип койсок, андан эларалык тил болуп калбайт да. Тилди закон же Конституция өнүктүрбөйт, кишилер өнүктүрөт. Адабий тилди жазган кишилер, билимдүү кишилер, кыргыздын интеллигенциясы жаратат. Ошол интеллигенциябыз начар, чаласабат, чала билимдүү болуп атпайбы. Кыргыздын шору ошол. Маркс айткан: «Интеллигенция — улуттун башы, жөнөкөй эл — денеси» деп. Мына ошол улуттун интеллигенциясы итий болуп өскөн, мээсине кислород жетпей, кыйналып чоңойгон баланын башындай болуп атат. Анан ошол башына революцияга чейинки, […]