Корей эл жомогу: Уулуу курма

Бир монастырдын үжүрөсүндө  эки кечил жашаптыр – карысы жана жашы. Кары кечил абдан сараң, ач көз неме экен: сандыгына  кургатылган курманы катып коюп өзү гана жеп, жаш кечилге эч качан ооз да тийгизбептир. Өзү жалгыз калганда гана жейт. Бирок дайыма айтчу экен:  «Менин сандыгымдан эч нерсеге тийбе, бирдеме жей турган болбо! Дароо өлүп каласың!» Бир күнү кары кечил бир жакка кетет. Жаш бала анын сандыгын ачып бүт курманы жеп салат. Анан абышка көзүнүн карегиндей сактап, ардактаган тушь куйган идишин күчүнүн […]