Кубанычбек АРКАБАЕВ: Упчу (шедевр)

АҢГЕМЕ Тык, тык, тык… — Ким бул? — Мен Шайлоо болом. — Шайлоо боло элек болсоң, каяктан болосуң? — Зато мен болгондон кийин баары жакшы болот. — Ыя де, тилиң абдан таттуу экен, айта түшсөң. — Ооба. Куунатам, жыргатам, ырдатам, кыйратам, ыйлатам ой… — Акыркы сөзүң ачуу чындыкка окшоп кетти го, чо то. — Ооба. Мен болгондон кийин азыркы ит жашооңду эстеп алып ыйлайсың дегеним да бул. — Ыя де. Азыр эмне жумуштап келдиң анан. — Азыр мен болгуча эрмектеп […]