Василий ШУКШИН: Миль пардон, мадам!

АҢГЕМЕ Бул жактарга мергенчилегени шаарлыктар келишип, ушул кыштактыктардан  өздөрүн коштоп жүргөнгө жер уусун жакшы билген киши таап берүүлөрүн  суранышкандарында алар: — Бар бизде, Темке Киндиков… (Бронислав Пупков) Ал мындайга кыйы-ын, аны менен зерикпейсиңер,- деп жооп беришет да, кандайдыр сырдуу жылмайып коюшат. Темке (Темирболот) Киндиков көгүлтүр көздөрү күлмүңдөп турган, өзү да шыр жүргөн, сөзү да жүгүрүгүнөн келген, чымыр денелүүлүгүнө жараша бекем мужук.   Жашы элүүдөн өтүп калган ал өз убагында согушка катышкан. Бирок окко жулдурган оң колунун эки манжасынан ал согушта эмес, […]