Василий Бартольд: 16-17-кылымдардагы Тянь-Шань кыргыздары

Тянь-Шань кыргыздары жөнүндөгү мен жыйнаган маалыматтар «Жети-Суу дубанынын эстелик китепчесинде» 1898-ж. эле жарыяланган «Жети-Суу тарыхынын очерктеринде» чогултулган. Негизги дареги— мырза Хайдердин 1540-жылдары жазылган «Тарйх-и Рашйдй» (перс тилинде, экинчи бөлүгү биринчисинен мурда 1541—1544-ж. жазылган) деген эмгеги; андан кийинки мезгилдер жөнүндө көбүнчө Кашкардын тарыхы боюнча чыгармаларда айтылат, алардын ичинен эң башкысы— Исма’ил хандын (1670—1682) тушунда перс тилинде жазылган Махмуд Чурастын эмгеги. «Жети-Суу тарыхынын очерктерин» жазып жаткан убакта бул эмгек мага али белгисиз болучу. Адегенде Иле дарыясынын түндүк тарабындагы аймактар гана Жети-Суу аталган; […]

Василий Бартольд: Енисей кыргыздары x кылымдан кийин

Кыргыздар өзүлөрүнүн көпкө созулбаган кубаттуулугун жоготкондон кийин беш кылымдан ашыгыраак өзүлөрүнүн алгачкы мекени Енисейде Саян кырка тоосунун түндүк тарабында гана турушкандыгы эскерилет. Ал мезгилде кыргыздардын башка эл менен кандай карым-катышта болгондугу жөнүндө Чыңгыз-хандын империясынын түзүлүшүнө байланыштуу окуялар жөнүндөгү маалыматтардан тышкары дээрлик эч кандай маалымат жок. Балким, кыргыздардын начарлашынан алардын эски душмандары, Кара-Кожо менен Бешбалык шаарлары кирген аймакты ээлеп турган уйгурлар пайдаланып кетишсе керек. 981-жана 984-жылдардын аралыгында аларга кытай элчиси Ван Янь-дэ (кытайлардан эмес, улуттук Сун сулалеси башкарган Түштүк Кытайдан) келип […]