Василий Шукшин: Эненин түшү

АҢГЕМЕ Апамдын бир нече түшүн айтып берейин. Эмне үчүн алар эмгиче эсимен чыкпай калды, аны өзүм да билбейм. А балким далай ирет айтып берип жүргөндөн уламдыр, апам түшүн өмүр бою эстеп жүрөт. Биринчи түш: — Мен анда кичинекей болчумун, жети-сегиздерде. Балким бир аз улуурактырмын. Түш көрдүм. Атамын үйүнөн эле чыккандай болом —- биздин короодо чокчо сакал ыйык киши эшек минип турат. Чүкөдөй болгон абышка экен, сакалы да аппак, чачы да аппак. «Эй кыз, короонун ичинде ары-бери жетелеп кой» — дейт. […]