Венера БӨЛӨКБАЕВА: Жомоктоймун, дүйнөм жомок дагы эле…

Жомок «Сиз да кичинекейиңизде жомок укчу белеңиз?» — дейт кичинекей кыз Айпери Топчу сымал, жүрөгүмө кадалган Жомогум көп, айтып берем өзүңө. Сендей кезим, Сендей бир кыз божурап, Мени кайра, жомок кылчу өзүмө. * * * Жомоктоймун… Дүйнөм жомок — дагы эле… Дагы деле жомокторду угамын. Жомок сымал, жаралгансыйм жашоого Жомок болуп… Анан бир күн узаймын. 13-август. 1999-жыл. Кезек «Таңдын атмагы бир тозок болсо, кайра кечтин кирмеги дагы бир тозок болуп калды…» — деди зээни кейип бир карыя Бир сулуунун жыттагыча […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Шоола жеңе

АҢГЕМЕ Шоола жеңебиз! Жаңы келин болуп келгенден бүгүнкү күнгө чейин, тууган-туушкандардын кыздарына үлгү. Тамак-аштын таттуулугу, жакшынакай тигилген кийимдер, таза мамиле жөнүндө сырдашсак эле Шоола жеңенин ысымы сөзсүз аралашып кетет. Ар бирибиздин көөдөнүбүздө жеңебиз менен сыймыктанган мактаныч орногон. Мынакей, мен да өзүмчө мактануудамын. Жеңебиздин оозу-мурдун чүйрүбөй, жайдары созулуп сүйлөгөнүн Элнур туурап бой жетти. Азыр ал кайын-журтунда барктуу келин. Кышында жука жоолукту үлпүлдөтүп алдынан байлап салынганын мен үйрөнүп алгам. Эми дагы баскан-турганына байкоо салып жүрөбүз. Карылыкка баратканда кандай күлүп, кандай сүйлөп калар […]

Ыр-Акенин «чымчыгы»

Ыр-Аке ал кезде мени “чымчыгым” деп койчу. Мен өзүмдү чын эле чымчыктай сезип алгам. Эч кимге көрүнбөгөн, кооз, тыпырайган кичине канаттарым бардай жүрчүмүн эркелеп. Каалаган күнү, каалаган жагыма учуп кетчүдөй жеңил элем. Эркин элем… Ыр-Акенин “чымчыгы” ошентип күндөрдүн бир күнүндө, чын эле каалаган жагына “учуп” кетти. Калааны таштады. Калемин, кесибин таштады. Курдашын, сырдашын, сүйгөнүн-күйгөнүн жана Ыр-Акесин да таштап “учуп” кетти! Бир гана адамга айтты, энекесине гана. Абдан каршы болду. Бирок Эне да! Эрке кызынын бул жоругуна да чыдады… Ыр-Акенин “чымчыгы” […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Кымгуут бүгүн жандүйнөмдө

СУРООЛОР (Өзүмчө олтуруп, өзүмө толтура суроо бердим) Ким мага чертип берди эле? Муңдуу бир күүнүн кайрыгын. Ай жаркып тийип турсаң да Сагынтат неге жарыгың? Кайда агат жашыл дарыя? Түшүмдөн дайым кетпеген. Жүрөгүң канча жаракка?! Жан курбум, сага жетпедим. Ажайып кайсыл жер экен? Мекени бардай мезгилдин. Сөздөрү турат сөөгүмдө! Мен аны неге кечирдим? Эмнеге желге эркелеп, Жаш жигит, сага ийбедим? Жер бетин таштап көз жумсам, Элесин сактайм кимдердин?.. 07. 01. 2000. КӨЙНӨК («Адамдын көркү чүпөрөк» дегенибиз менен минтип, көйнөгүмдүн өзү көздөрдү […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл-Гүл эжей

АҢГЕМЕ Кыйла жыл мурун. Тээ илгери десем деле болчудай. Чоң апалардын анан мугалим эжейлердин эң сулуусу биздин гана кыштакта жашайт деп жыйынтык чыгаргам… Чоң апалардан — менин чоң апам, жүзүндө калдары бар. Эжейлерден 2-“г” класска сабак берген Гүл-Гүл аттуу эжеке. Ал кыштагыбыздын дал ортосундагы  муздай жалтыраган чатырчасы бар үйдө жашачу. * * * Күз мезгили ортолоп, суук боло баштаган. Ал күнү атам жумушуна кеткен бойдон келбей калды. Түн кирип, уктаар маалыбыз жакындаганда апам мага: – Сен дагы жылуулап кийин, – […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Сөөлжан менен сырдашуу

ЭССЕ Табигат сага жашоону топурактын арасына, Жер-Эненин так маңдай-чекесине берген экен… Өмүрүмдүн жамгырлуу күндөрүндө дайыма сага жолугам. Жайчылыкта көпкө карайм, шашылышта саамга эле үстүңдөн көз салып өтүп кетем. Ийилип-иймейип жатканыңды көрөм. Керилип-чоюлуп-тартылып топуракка оронуп жатканыңды көрөм… Көзүң кайда? Карап турсам караганың билинбейт. Кулагың, оозуң кайда? Укпагандайсың, унчукпайсың. Карабасаң, укпасаң деле мен сени жакшы көрөм. Сырымды, муңумду айтып, сага сүйлөп бергим келет… Мени жараткан табигат сени да жараткан. Экөөбүз да тууганбыз. Сөөлжан-тууганымсың! Ошону сезип эле койсоң болду… Топурак арасында топурак жеп […]

Венера БӨЛӨКБАЕВА: Мен жашаган айылдагы аталар

АҢГЕМЕ Айлананы бозорто туман басып, жер-суу тоңо баштаган маалда ушул алакандай айыл тургундарынын катарына кошулгам. Эки үй-бүлө үчүн ылайыкташтырылып салынган үйдүн бир жак капталында жашайм. Мени жууркан-төшөктөр, идиш-аяктар менен бирге атам тартуулаган радио, телевизор жана итибиздин күчүктөрүнүн бирөөсү «коштой» келген. Өкүнүчүмдү, өксүгүмдү бой тарткан шаарыма калтыргам. Жок, туура эмес айтып алдым, мындан мурунку өмүр күндөрүмө дейинчи… Азыр мен мурда көрүп билбеген, алыскы тоо коюнундагы «Төрөт үйүндө» эмгектенем. Эзелтеден эле ишин баштаган, касиеттүү кесиптин ээсимин. Энелерге «жардам берип» жарык дүйнөгө келаткан […]