Виктор Астафьев: Орус алмазы (конкурска №10)

АҢГЕМЕ Полуденный суусу так эле Европа менен Азиянын чек арасы аркылуу агат. Кай бир жерлерде саздуу белден төмөн карай, жайдак аттын тер баскан жонунан шыпырылган баладай акса, дөңдөрдүн жанында имерилип, коктуларда мелмилдеп, кай бир жерде белди оюп, ташты көзөп агат. Ушул суу жээгинде Промысла кыштагы жайгашкан. Мурда бул кыштак Кресто-Воздвижен промыслы аталып, бирок революциялык өзгөрүүлөрдөн улам, биринчи бөлүгү өчүп калган экен. Илгери Кресто-Воздвижен промыслы баронесса Полье-Варвара Бутэра-Родалиге таандык болуп, ал жерден крепосной дыйкандар жана каторжниктер алтын казышчу экен. Атасынын ордуна […]

Виктор АСТАФЬЕВ: Колдоочу периште

Которгон Назгүл ОСМОНОВА АҢГЕМЕ 1933-жылы Витя жашаган айылды ачарчылык каптады. Көгүчкөндөр жоголуп, абалаган иттер менен чуру-чуу түшүп ойногон балдардын үндөрү угулбайт. Ар ким өз азыгын колунан келишинче таап жемиш этти. Мергенчилер токойдон жырткыч издесе, алар да ачарчылыктан качып, токой түпкүрүнө житип кетишкен. Көзгө атар мергендер гана олжо менен кайтышып, этти айыл боюнча бөлүштүрөт. Адамдар шаарга агылып, “эски-ускусун жана алтындарын” пулдап келиш үчүн “Торгсинге” катташат. Витянын үй-бүлөсүн чарбага эпчил, жумушка демилгечил чоң энеси башкара турган. Үйдөгү Витяны, чоң атасын жана кенже […]