Владимир Сутеев: Алма (жомок)

Кеч күз болучу. Бүт мөмө-жемиштер күүлүп түшкөн, желип бүткөн. Бирок саргарган жалбырактардын арасына бир кызыл алма жашынып калыптыр. Серең-серең секирип, өз жолу менен бараткан коён кокусунан аны көрүп калды. Табарын тапты дечи, бирок кантип үзөт? Бийик өскөн алма бакка канчалык кыйын болсо да секирип жете алмак эмес. — Карк-карк! — эткен үн чыгып, карай калса карга учуп баратыптыр. — Эй карга, алмамды үзүп берчи! – деп кыйкырган коён каргага алманы көрсөттү. Сүйүнүп кеткен карга алмага өзү жалгыз ээ болом деп […]

Тажик эл жомогу: Дүйнөнү дүрбөткөн эшек

Же жери жок, же үйү жок, болгону бир ыркыйган карт эшеги бар кембагал жашаптыр. Ошол кембагал бир күнү өмүрү дегеле эшек көрбөгөн өлкө бар экенин угуп калат. «Эшегимди ошол жакка алпарсам бекен, – деп ойлонот кембагал. – Мүмкүн бирөө-жарымы сатып алаар». Ошентип эшегине минет да, жөнөп калат. Ойду-тоону кесип, дарыяларды кечип жүрүп отуруп эшекти өмүрү көрбөгөн, билбеген өлкөгө да туш келет. Анын шаарга келгени элди дүрбөлөң түшүрүп, тиришумдук жаныбарды көрүүгө туш-туштан жүгүрүп келишет. Эшек адатынча айкырат. Анын зоңкулдаган үнүнөн элдин […]

Молдова эл жомогу: Ага-ини

Ага-ини эки бир тууган болуптур. Ынтымактуу,  тынчтыкта жашашат. Улуусунун үй-бүлөсү, балдары бар, а кичүүсү үйлөнө элек экен. Бир жайда чогуу иштеп, түшүм жыйнап калышты, ар ким өзүнө бөлүнгөн жерден  алынган түшүмдү кырманга алып келип эгинин бастыра баштады. Түштө агасы тамактанууга кетти, а иниси жабылган таранчылардан буудайды коргоп, кырманды кайтарып калды. Агасы кетери менен иниси өзүнүн эгининен бир нече өлчөмдү агасынын үймөгүнө билгизбей кошуп койду. Ал мындай ойлоду: “Агамдын аялы, балдары бар. Ага көбүрөк керек. Мен го бойдокмун. Кайда барсам да […]

Владимир Сутеев: Алма (жомок)

Кеч күз эле. Бак-дарактардын жалбырактары эчак күбүлүп түшүп, жапайы алма багынын кол жетпеген бийик жеринде жапжалгыз кызыл алма калыптыр. Күздүн ушул күнүндө токой аралап бараткан Коён ал кызыл алманы көрүп калды. Бирок аны кантип алат? Алма өтө эле бийик жерде экен, секирип да жете албайсың! — Крра-крра! Коён үн чыккан жакты караса, карагай башына конуп алган Карга күлүп атыптыр. — Эй, Карга! — деди Коён кыйкырып. — Тигил алманы мага үзүп берчи! Карга карагайдан алма багына учуп келди да, алманы […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: «Эжелүү кызга эски тон»

ЭССЕ Жалил менен Айсулуу, Күнсулуу деген бир туугандарым менен так ушул балдарым сыяктуу далай кучакташып жатканбыз! Убакыт өз энчисин алып, бизди чилдей таратты. Айсулуу Кочкорго келин болуп барып, үч баласын кучактап жатат. Күнсулуу Жалал-Абаддын Арсланбабына келин болуп барып, уул-кызы менен алек. Мен болсо шаардын ызы-чуусунда, Жалил болсо кара жердин кучагында… Эх, арман! Бир кезде бир төшөктүн ичинде, бир чатырдын алдында дүнүйө эмне экенин билбей баёо сезим балалык менен наристе кыялыбыз асмандата алып учуп жатар элек. Ким билиптир, турмуштун мынча таттуу […]

Интернеттен алынган экмет: Ийгилик ачкычы Аялзат колунда

“Эгерде эркек аялын сыйлабаса, ырыскы артын салып качат”.  А эмне үчүн? Ойлондуңуз беле? Аялзатынын жан дүйнөсүнүн тартылуу күчү эркектердикине караганда миң мертебе күчтүү. Ошондуктан өз тагдырына да, жолдошунун тагдырына да таасирин тийгизүү жөндөмдүүлүгү өтө зор. Аялы ортодогу мамиледен эргүү алып, ар дайым өзүн бактылуу сезсе, анда жолдошунун да жолу ачылат. Алдындагы баардык баш баккан каалгалар ачык болуп, баардык жайда ийгилик коштоп жүрөт.  Анткени  бакытка балкыган жана жашоосуна ыраазы аялзатынын жан дүйнөсүнүн, сезиминин күчү,  жолдошуна ар дайым ак батасын берип, анын […]

Акмат БОБУЛОВ: Камбаралы абам менен Мурза Гапаров экөөнүн көп окшоштугу бар эле

Кыргыз адабиятында Камбаралы Бобулов менен Мурза Гапаров деген эки бийик аска бар. Жылдар жылып, алардын карааны бизден алыстаган сайын алардын карааны кичирмек турмун, кайра улам бийиктегени бийиктеген. Мунун себеби, дагы да болсо ал экөөнүн турмушта башкаларчылап өзүнүн, тууган-туушкандарынын кызыкчылыгы, күнүмдүк үчүн эмес, түбөлүктүүлүк үчүн кызмат өтөшүп, артында опол тоодой тарбиялык таасири бар көркөм чыгармаларды калтырып кеткени болсо керек… Акмат Бобулов Камбаралы Бобуловдун аталаш инилери болуп кетет. — Акмат агай, сизди кыргыздын дагы бир таланттуу уулу, жазуучу, легендарлуу парламенттин депутаты, кыргыз […]

Икаялар: Досту кантип тандоо керек?

Бир жолу чиркей чымындан: — Жакын жерде гүлдөр барбы? – деп сурады. — Гүлдөр бар-жоктугун билбейт экемин, — деди чымын. – Ал эми консерва идиштери, айбандардын кыктары, казылган аңдардагы таштандылар толтура. Ошентип чымын чиркейге тегеректеги бардык таштанды төгүлчү жерлерди шашылып санап берди. Чиркей чымын көрсөткөн тарапка учуп баратып жолунан аарыны кезиктирди. – Жакын жерден таштанды төгүлчү чуңкур көрбөдүңбү? – деп сурады чиркей аарыдан. – Таштанды төгүлчү чуңкурлар дейсиңби? Жок, эч жерден көрбөдүм, — аары таң калды. – Бирок да бул […]

Манфред КИБЕР: Лупс

Немисчеден которгон Адилет ШАДЫКАНОВА АҢГЕМЕ Лупс мырза деген таранчы болуптур. Аялын болсо Лупс айым деп аташар эле. Аялдар күйөөлөрүнүн атына жараша күйөөлөрүн карап өздөрүн түздөшөт эмеспи. Жаз айы эле. Лупс айым уясында жумурткаларын басып отурган. Аңгыча Лупс мырза жем алып келип калды. Анан ал уянын кырына барып конуп, жаркырап тийип турган күндү карап, күн чубактап отурду. «Адамдардын айтуусуна караганда, таранчылар урушчаак жана уятсыз болушат» деп ойлоду Лупс айым, “антип алар эркек таранчылар жөнүндө айтышса керек. Мындай сапаттарды мен күйөөмдөн көрө албадым. […]

Ынтымак жөнүндө притча: Күнөөлүү эрди-катын

Коңшу жашаган эки башка үй-бүлө болуптур. Бири качан болсо ыр-чыры бүтпөгөн, бири качан болсо эриш-аркак, бейпил турмуш сүргөн бүлө экен. Бир курдай бейпил турмушта жашаган коңшусуна ичи күйгөн бейжай бүлөөнүн зайыбы күйөөсүнө айтып турганы: – Коңшунукуна баш багып эмне үчүн алар дайыма тып-тынч жашаганын байкап келсең. Күйөөсү жөнөйт. Дабыш чыгарбай байкоо сала баштайт. Караса, коңшусунун зайыбы үйүнүн тактайын жууп атып, бир нерсеге алаксып кухнясына жөнөйт. Ошол тапта күйөөсү үйдүн босогосун аттай берерде, байкоостон чакага мүдүрүлүп, ичиндеги суусун төгүп алат. Тарса-турс […]

Ынтымак жөнүндө притча: Кебете кешпир кеп эмес

Радханатха Свами Нараян Прасадан сураптыр: – Өлкөдө индуизм менен ислам ортосунда карама каршылык курчуп турса да, арийне сиз бөлөк-бөтөн ишенимде жүргөндөргө абыдан урмат-сый менен мамиле кылганыңыз кандай? Нараян буга таңгалыштуу жооп бериптир: – Ит өз кожоюну кандай кийинип алса да тааныйт. Мүмкүн чапанчан болобу, галстук байланып, костюм кийеби же жылаңач жүрөбү, ит өз ээсин ар дайым сезет. Агер биз башка диндин чапанын кийип алган өз кожоюнубуз – сүйүктүү Кудайды тааныбасак, анда биз иттен да жаман пендебиз. (Вайшнав притчасы) ЫРАКАТТЫН ДААМЫ […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Муштум

ЖОМОК Күндөрдүн биринде эне Бармак төрт баласына: Сөөмөй, Ортон, Атыжок жана Чыпалакка кеңеш салды. — Балдарым, бак тикпейлиби? – деди балдарына суроолуу карап. — Макул, энеке, тээтигил жерге тигели, — деп Сөөмөй ээн жаткан талааны көрсөттү. — Опий, ал жердин баарын кантип айдайбыз, белибиз ооруйт ко, — деп Ортон моюн толгоду. — Кантип айдамак элек, чанайбыз деле бак тигип коебуз, — деди Атыжок Ортонду анча жактыра бербей. — Айдаса айдайлы, — деп Чыпалак чебеленип жиберди. Балдарын байкап турган Бармак мындай […]

Эки чычкан

Бурят жомогу Сүт куюлган чоң казан турган. Эки чычкан ошону айланып жүрдү. Жыты тим эле сонун. Бирок кантип жетүү керек? Бирөөсү айтат: — Досум, казанга жакын келип тур, мен сенин үстүңө чыгайын да, анан казанга тармышып эптеп ичине түшөйүн, сен болсо куйругумдан кармап тур. Ошентип мен сүткө тойгондон кийин ушундай эле кылып сени түшүрөбүз. Анан алар чын эле ошентишти. Чычкандан амал качып кутулбайт тура. Биринчи чычкан экинчисине куйругунан тиштетип койду. Куйругун тиштеп турган экинчиси ойлонот: «Карачы, митайымды, мага куйругун тиштетип […]