«Кыргыз даамы» китебинин тарыхы

Кыргыз тамак-ашы боюнча хрестоматиялык китеп бар. Ал китеп “Кыргыз даамы” аталып, 43 жыл мурда басмадан чыккан. Автору Таштанкул Бөрүбаев. Бул китеп кантип жаралган? Аны жазууга эмне түрткү болгон? Анн-Аймон Жискар д’Эстен. Бул айым — Франциянын 1974-1981-жылдардагы президенти Валери Жискар д’Эстендин жубайы. Анн-Аймон айымдын «Кыргыз даамы», ал эми орус тилинде «Кыргызская кухня» деген китептин жаралышына түздөн-түз тиешеси бар. Таң калбаңыз! Ооба, ошондой. Эмесе, сөз ирети менен болсун. «Кыргыз даамы» китеби 1976-жылы 10 000 нускада, 1984-жылы 15 миң жана 1991-жылы 50 миң […]