Темирлан Бейшенов: Анын көздөрү…

ЭССЕ Анын көздөрү керемет көздөр. Жүрөктү “болк” эттирген, жашоомо шоола чачкан сыйкырдуу көздөр… Анын көздөрү асмандагы жылдыздардай жанып турат. Жок, жок, түндө жаркыраган жылдыздардан да жарыгыраак, бул жарык дүйнөдө жок периштенин көздөрүндөй. Күзүндөгү мөлтүрөп бышып турган карагаттай. Караңгы, күүгүмдөнгөн жашоомо шоола чачкан шамчырактай… Канча ирет ошол сыйкырдуу көздөргө тигилип, ошол көздөр менен уйкуга кеттим? Дагы канча жашоомду, ай-жылдарымды, уйкусуз түндөрүмдү ал көздөр менен алпурушуп өткөрөм? Анын көздөрү менин жашоомдун маңызы болду.   Супсулуу, баёо да, назик да  көздөр. Муңайым көз караш. […]

Орус акыны Владимир Скворцов Абибилла Пазыловдун котормосунда

Өмүрдүн тынбайт кербени Эстесем эми эмнени, Эскиден эсте термени: Өмүрдүн жиби үзүлөт – Өлүмжан тынбайт кербени! Гоголду ажал жеңбеген, Шекспир жолу эң кенен. Түбүнөн мыйзам ушундай, Түрттүрүп ийчү сен белең… Ар кандай заман тушунда, Алмустак кылым, учурда, Николо Паганинибиз, Аспабын чалып ушунда. Тажабай издеп жаз-кышта, Таппайсың такаат жазмышка. Жаратман менен басташып, Жадыгөй менен аңдышпа. Чыгарып чындык атагын, Чыйралса экен катарым. Уланат уул-кызында, Урматы Умай апанын. Өнбөгөн үрөөн сепкенде, Өспөгөн көчөт эккенде, Көңүлдөн өчкөн ысымдар, Көрүнбөйт тирүү эч жерде. Турмушуң туташ […]