Ысмайыл КАДЫРОВ: Рыспай Абдыкадыровдун таржымалы

Обончу жана ырчы Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Сегиз бир туугандын кенжеси болгон. Рыспай 6 айлыгында атасы Абдыкадыр согушка кеткен. Кол арага жарагандан баштап агасына жардам берип, коюн багышкан. Ошол учурда айылдагы Пазыл деген агайынан комуз черткенди, айылына жакын жердеги кенчилерден гармошка, балалайка, мондалин черткенди үйрөнгөн. Айылында 4 жылдык эле мектеп болгондуктан 5 км аралыктагы кошуна айылдан окуусун уланткан. Ал жерден 7 жылдык мектепти бүткөндөн кийин Токтогул атындагы мектеп-интернатка жиберилип, ушул жердеги өздүк көркөм […]

Билгенден билелегиң көп: Пикассо

Бир жолу сүрөт тартып жаткан балдарды карап туруп: “Булардын жашында мен Рафаэлдей эле тартчумун. Андан кийин өмүр бою ушулар сыяктуу сүрөт тартканды үйрөнүп келе жатамын”, — деген экен француз сүрөтчүсү Пабло Руис Пикассо. Ал 1881-ж. 25-октябрда Испаниянын Малага шаарында туулган. Атасы Хосе Руис менен энеси Мария Пикассонун теги испан болгон. Сүрөттү өтө эле жаш кезинен өзү айткандай ишенимдүү тарта баштаган. Баарынан кызыгы, ал сологой болгон. Адегенде атасынан таалим алган. 1894-95-ж. Ла-Корунья шаарында, 1895-жылдан Барселонадагы көркөм искусство мектебинен, кийин Мадриддеги көркөм […]

Дени Дидро – философ-агартуучу

Улуу ойчул жана жазуучу, философ-агартуучу, искусство теориячысы, драматург жана беллетрист, энциклопедиячы Дени Дидронун ысымы адамзаттын эсинде француз кылымы катары калган 18-кылым менен тыгыз байланыштуу. Дени Дидро 1713-ж. 5-октябрда Франциянын Шампань провинциясындагы Лангре шаарында төрөлгөн. Ал үй-бүлөнүн улуу баласы болгондуктан, аны мурас катары чиркөө канониги деген орун күтүп турган эле. Ошондуктан атасы 8 жашында Лангре иезуит коллежине берген. 12 жашында Париждеги д’Арктур иезуит коллежине жөнөткөн. Дени диний сабактарга караганда математика, физика, химия, физиологияга көбүрөк шыктуу болгон. Бара-бара диний карьерадан караманча баш […]

Солон

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы Афинанын саясый ишмери жана социалдык реформатору Солон биздин заманга чейинки 640-635-жылдардын аралыгында төрөлгөн. Ал мезгилде Афина Байыркы Грециянын тарыхында жана маданиятында Спарта менен катар чоң роль ойногон шаар-мамлекет болгон. Солон жаш кезинде деңиз соодасын жүргүзүп, саякатка көп чыккан. Афинынын Мегора менен болгон согушунда (б.з.ч. VII кылымдын аягы) ал көп каармандык көрсөтүп, аскер жетекчиси катары даңкталган жана ал кызматы үчүн 594-жылы Афинага архонт (башкаруучу) болуп шайланган. Ошондон кийин ал бир катар социалдык реформаларды жүргүзгөн. Ага чейин Афинадагы […]

Анаксимандр

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек философу Анаксимандр Милетский б.з.ч. 610-546-жылдар ченде жашаган. Милеттен чыккан. Ал алгачкы грек философу, «жети акылмандын» бири Фалестин шакирти. «Табият туурасында» аттуу Грецияда жаралган философиялык эң биринчи чыгарманын автору. Философияга «архэ» (принцип) деген түшүнүктү киргизген. Ал тиричиликтин баштапкы негизи – биримдик, түбөлүк; айкындыгы жок нерсе – «апейрон», ал мейкиндик менен убакыттын чексиздигин гана көрсөтпөстөн, аң-сезимдин чексиздигин да көрсөтөт, апейрондун дайыма кыймылда болушунан тынымсыз карама-каршылыктар (жылуу жана суук, жарык жана караңгы) пайда болуп, ошолордун күрөшүнүн натыйжасында өзгөрүштөр  […]

АНАКСАГОР

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек философу Анаксагор Кичи Азиядагы Клазоменден чыккан. Б.з.ч. 500-428-жылдар ченде жашаган. Ал кул ээлөөчүлүк демократиянын идеологу болгон. Афиныда биринчи жолу философияны сабак катары окуткан. Өкмөт аны кудайсыз деп жарыялап, өлүм жазасын өкүм кылган. Андан качып Лампсак деген шаарга келген да, анда өзүнүн философиялык мектебин негиздеген. Ал байыркы грек философу Эмпедокл жана атомисттер (ага Левкипп, Демокрит, Эпикур, Лукреция ж.б. кирген) менен бирге бөлүнбөй турган элементтер жөнүндөгү натурфилософиялык илимди өнүктүргөн. Ал элементтер чексиз жана алар чексиз бөлүнөт, бөлүкчөлөрдү […]

Альберт ЭЙНШТЕЙН

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Физик-теориячы Эйнштейн Альберт 1879-жылы 14-мартта Германиянын Ульм шаарында туулган. 1900-жылы Цюрих политехникумун бүткөн. 1909-11-жылдары Цюрих, 1911-12-жылдары Прага университеттеринде, 1912-13-жылдары Цюрих политехникумунда профессор болуп иштеген. Азыркы физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. 1905-жылы салыштырмалуулуктун жекече, 1907-16-жылдары жалпы теориясын түзгөн. Жарыктын квант теориясына негиз болуучу эмгектердин автору: фотон түшүнүгүн илимге киргизген, фотоэффект закондорун, фотохимиянын негизги закондорун аныктаган, индукцияланган нурлануунун бар экендигин алдын ала айткан. Статистикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. Броун кыймылынын статистикалык теориясын өнүктүрүү менен флуктуация теориясынын негизин түзгөн. 1933-жылдан космология проблемалары жана […]

Пафнутий ЧЕБЫШЕВ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП  Орус математиги Пафнутий Львович Чебышев 1821-жылы 16-майда Калуга губерниясынын Окатово айылында помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. 9 бир туугандын улуусу болгон. Пафнутий бала кезинен эле бир бутунан аксап баскан. Ал алгачкы билимди үйүнөн алган. Мугалимдер үйүнө келип сабак беришкен. Математикадан Москванын ошол кездеги алдыңкы мугалимдеринин бири П.Н.Погорельский сабак берген. Ал адам Чебышевдин математикага болгон ышкысын күчөткөн. Ошол эле мезгилде латын тилин да өтө ынтызарлык менен үйрөнгөн. Чебышев 16 жашында Москва университетинин философия факультетине өткөн. Ал кезде философия факультетинин математика […]

Пифагор

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Байыркы грек математиги Пифагор биздин заманга чейинки VI кылымда Грецияга караштуу Эгей деңизиндеги Самос аралында жашаган. Ошондуктан аны Пифагор Самосский деп аташат. Ал Самостук Пифагор дегенди түшүндүрөт. Пифагордун өмүр баяны менен илими жөнүндөгү жарыбаган аз маалыматтарда ал жарым кудай, жеткен акылман, бүткүл античный жана жакынкы чыгыш илимдеринин мураскери, укмуштарды жаратуучу катары сүрөттөлөт. Ал маалыматтарга караганда Пифагор кичинекей кезинде деңиз саякатчыларынан Египеттин жана Вавилондун укмуштай кооз өлкөлөрү жөнүндө көп угат. Ага аябай кызыгып, өспүрүм кезинде эле саякатка чыгат. […]

ОСТРОГРАДСКИЙ

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Орус математиги Михаил Васильевич Остроградский 1801-жылы 24-сентябрда Полтава шаарында анча бай эмес помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кичирээк кезинде эле абдан сезимтал болгон. Оюнчуктардын жана башка нерселердин өлчөмдөрүн, аңгек жана чуңкурлардын тереңдигин ченегенди жакшы көргөн экен. Ушул максатта анын чөнтөгүндө ар дайым жип болучу дешет. Жиптин жардамы менен ар түрдүү буюмдарды өлчөй турган. Остроградский үчүн эң эле кызыктуу нерсе тегирмен болуптур. Тегирмендин таштарынын тегерениши, барасынын айланышы, барага суунун урунушу аны өтө кызыктырат. Ата-энеси уулунун бул өзгөчөлүгүн байкап, аны […]

Птолемейдин окуусун жокко чыгарган Коперник

БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП Поляк астроному Коперник Николай 1473-жылы 19-февралда Торунь шаарында туулган. 1491-95-жылдары Краков университетинде окуп, билим алуусун Италиянын Болонья, Падун, Феррера университеттеринде уланткан. Негизинен астрономия, андан тышкары медицина, укук боюнча билим алган. 1512-жылы Фромборк шаарына көчүп келген. Обсерватория куруп, изилдөө жүргүзгөн. Ал мамлекеттик ишмер, мыкты врач жана астроном катары белгилүү болгон. Дүйнөнүн гелиоборбордук системасын түзгөн. Коперник астрономия боюнча көп иштеп, ар бир түндү текке кетирбей жылдыздарга байкоо жүргүзгөн. Байыркы грек окумуштуусу Птолемейдин Жер – Ааламдын борбору деген окуусун жокко […]

Ысмайыл КАДЫРОВ: Абама кат

Ырас, агасына акыл айтуу салтта жок болсо да, улуулук баа­баркын, нарк­насилин сактабаган, айрым көңүл иренжитерлик жоруктары мени абама кат жазууга аргасыз кылып туру. Анын үстүнө, бул көптөгөн кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш. — Аба, сага коё турган биринчи дооматым — ичи тардыгың. Өзүңдүн акылың толуп, жашың өйдөлөп калганын эске алсаң обол ичи тардыгыңды ташта. Бирөөнүн жеке ийгилигин кой, эл үчүн жасаган эмгегин да көргүң келбей турганын көп байкадым. «Ал муну бекер жасаган жок» деп, арт жагынан криминал издеп турасың.  Бардык жакшы жактарыңды […]