Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Ат чабыш эмес, бит чабыш…

АҢГЕМЕ 1982-жылдын жаз айы. Жалилбай экөөбүз жарма менен нан көтөрүп, кыштан көтөрүм болуп араң чыккан алты койду жайып Коңур-Дөбөнүн бетине чыктык. Жер жылып, жаңы чыгып келаткан текейди терип жейбиз. Кескелдирик деген жайнайт. “Кес куйругуңду, кес эле кес” деп бакырып, төрөп салып качып кеткен ыймансыз кыздай, куйругун таштай качкан кескелдириктердин куйругун чогултабыз. Анан эрмектээрге эч нерсе таппай калганда апам байкуш колго тигип кийгизген гүлдүү момосуй турсийлерге өтөбүз. Анан ачканда эле тигишинде катар тизилген биттерди сыгабыз. Сыймыктанып санап сыгабыз. Арасынан тез чуркагандарын […]

Ризван ИСМАИЛОВА: Окулбаган каттар

АҢГЕМЕ Жаңы ишке көпкө көнө албай жүрдүм… Мурда мектепте иштегенде сабагымды окутуп коюп, үйгө «жылт» койчумун. Ата-энемдин бешенесинде үлпүлдөп жүрүп, жогорку окуу жайын бүткүчө турмуш эмне экенин түшүнбөпмүн. Беш кыздын кенжеси дешип, эпсиз эркелетишкениненби, көңүлүмө жакканын жасап, өз тагдырымдын ээси «өзүммүн» деп, ичимен дердейгеним куп бекер болду. Институтту бүтүп, эки-үч жыл иштеп калганымда колумду сураган киши чыкпады. Балдар дүйнөсүнө аралашып, чыга албай жүрүп, баштараак арадан жети-сегиз жыл өткүчө деле анчалык эрөөн-төрөөн алганым жок. Жанда жок кыялкеч элем. Кыялдангандан эч тажачу […]