Валентина Осееванын балдар үчүн жазган аңгемелери

КАРООЛЧУ Бала бакчада көп оюнчук бар эле. Рельс менен ары-бери бурама поюздар жүгүрүп, бөлмөнүн ичин күрүлдөгөн учактардын үнү жаңыртчу, дөңгөлөктүү бешиктерде жасанып алган куурчактар уктап жатчу. Балдар чурулдап чогуу ойноп жүрүшчү, алардын бардыгы көңүлдүү болучу. Бир бала гана балдарга аралашып ойночу эмес. Ал жанына толтура оюнчуктарды үйүп алып,  эч кимди жолотпой коруп олтурчу. — Бул меники! Бул меники! – деп кыйкырчу ал, оюнчуктарды кучактап алып. Балдар талашчу эмес – ансыз деле оюнчуктар көп эле да. — Сонун ойноп атабыз, бизге […]