Котормо боюнча конкурста 3-байгенин жеңүүчүсү Амирбек Азам уулу болду

Улуттук адабиятты байытуу багытындагы конкурста калыстар курамынын чечими менен үчүнчү байгеге татыктуу деген үч калемгердин бири Амирбек Азам уулу Рубен Гальегонун “Ак темгил жашоо” аттуу аңгемесин түпнускадан которгондугу үчүн жеңүүчү деп табылды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Айтматов таануучу жана адабиятчы Айнура Кадырманбетова, адабий сынчы Рысбек Эшматов, белгилүү публицист жана сынчы Жолдош Турдубаев болду. P.S. Толук аты-жөнү – Рубен Давид Гонсалес Гальего. Орус тилдүү жазуучу, журналист. 1968-жылы 20-сентябрда Москвада туулган. Таятасы Игнасио Гальего (1984-жылдан Испания Компартиясынын Башкы катчысы) небереси колу-буту шал туулганына […]