Мукай Элебаев: Сайра Кийизбаева

(Очерк) Күүгүм талаш. Үстү-башымдагы карды силкип, мен да жаңы келип отургам. Кемпир чырак жагам деп ашканада күйпөңдөп жүрөт. Биз отурган чаканыраак гана бир бөлмө. Кай бирөөнүкүндөй кезге түшүп, жаркырап турган палан-түкүн жок. Үйдүн орто капшытында боз одеял жабылуу жука төшөк, бир керебет. Анын баш жагындагы чоң күзгүнү тегеректеп турган нерселер да көп үйдөн көрүп жүргөн дүр-дүнүйө. Ашканага кетип, жаңы жандырган чырагын өзү кармай чыкты да, терезеге жакын, бурчта мен чыканактап отурган роялдын үстүнө келип койду. Үч-төрт айдан бери үйгө байымдай […]

Ырдын бири Ырыспай

Эстутум Колума калем кармап публицистика айдыңына аралашканыма 45 жылга чамалап калды, а бирок эскерүү темасынан эң оор бир да жанрды көрө албадым. Албетте, каарман элесин кадимкидей тартып көрсөткөн анча-мынча эскерүүлөр жок эмес, тилекке каршы, мен окуган эскерүүлөрдүн эчени эскерме аты эле болбосо, эскерип жаткан адам арткы планга сүрүлүп, өзүн-өзү көтөрө чаап көкүрөк каккан автордун элеси сороюп чыга келет аягында. Эсиме жара чыкпаса, “эстутум” деген сөздүн автору ыраматылык Ашыке (Кыргыз Эл жазуучусу А.Жакыпбеков) менен Алыке (Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер […]

Михаил ЗОЩЕНКО: Жытчыл ит

АҢГЕМЕ Көпөс Еремей Бабкиндин енот шубасын бирөөлөр жымырып кетиптир. Көпөс Еремей Бабкин өңгүрөп берди. Көрсө,  шубасына ичи ачышып жаткан тура. —  Граждандар,  шуба жөнөкөй шуба эмес, кымбат шуба! — дейт ал, —  канча акча берсем да аны таптырам. Кылмышкердин бетине гана түкүрбөсөмбү! Ошентип Еремей Бабкин из кубар итти чакыртты. Чакырыкка кепкасын баса кийип, ит жетелеген адам келди. Ити ит деп деле айтчудай эмес — күрөң,  шиш тумшук,  кебетеси суук,  сүйрөйгөн бир ит сымал неме. Тиги киши итин эшик алдына жетелеп […]

Рысбай ИСАКОВ: Сен жок жерде Күн тутулуп калгандай

МЕНИ ЭСТЕБЕ Бул дүйнөдө эч нерсе жок туруктуу, Буластаган калтар сымал кубулма. Бүгүн мага сүйүү болуп жаңырып, Бүгүн мага сүйүү болуп угулба. Сенин сүйүүң жолдошуңда, анан да Күнөөсү жок периштедей балаңда. А мен болсо өткөн күндүн элеси, Балким бармын, балким жокмун санааңда. Ошондуктан мени эстебе, эстебе, Мен жөнүндө айпа эч кимге эчтеме. Ошент… бирок жалгыз менин айымдан, Ошол күндүн сезимдерин жектебе. * * * Координатың «икс», «игрек», «зет» болуп, Кай тарапка кеттиң экен бет коюп?.. Карааныңды билбей кайдан издээрди, Калдым […]

Түгөлбай Казаковдун алтын балалыгы кандай өткөн?

ЭССЕ * * * …Тагдыр эки адамды кошпойм десе жөөлөшүп турган жеринен адаштырат да, жолуктурам десе жердин түбүнөн айдап келип көрүштүрөт тура… Мен Таласка баратканда дайыма Меркеге токтоп өтөт элем. Аерде таанышым деле жок. Калаанын көрө турган деле эчтемеси жок. Токтогондо кыйратып кылар ишим да жок. Эстекем ырдагандай, кетейин десем кетким келбей, кандайдыр бир күч мени жибербей, бирде жок издегенсип эл аралап, бирде бирөөнү күткөнсүп чай ичип отурчумун. Бир ирет жөнөй берерде бир карыя: «Карагым, Жамбылга чейин ала кетсең кантет?» […]