Самара НАСЫРОВА: Жанга тийген коңурук!

Хыр-хыр-хыр Күнүгө ушул абал!.. Же ал кетпеди бул үйдөн, же мен кетпедим! Экөөбүз аңдышкан жоодой болуп, бири-бирибизди көргөн кезде сүйлөшпөй да калчу болдук… Жаман көздөр менен тиктеше, ооз учунан бүлк эткизип саламдашкан болобуз… Бул жашоо дегениң кызык эле нерсе да!…Кыскасы, Маскөөнүн батиринде жалаң тууган-уруктар менен жашайбыз. Анчалык деле көп эмес, сиз ойлогондой… Саналуу гана адамдар!.. Сиңдимдин кичинекейи да бар, ал го эми бала… ооруп-сыркап калат, ынжыңдап кээ түндөрү ыйлап калат, баланыкы кечиримдүү, кечирбешке айлаң да жок, уралбайсың, сөгалбайсың дегендей… «Ыйлабай […]