Мезгил ИСАТОВ: Жылдар – кубалашкан толкундар

ЭССЕ Бир күн Мен адам болбойм. Жарымы түш жашоодо. Бул санат Өлүмдү сурады менден… Дубалдагы саатты карап, “Бүгүнкү күн да кетти” дептирмин. Ошондо сааттан корктум. Сааттын жебеси жылат. Чыкылдаган үнү мээме сайылгандай шаштырып, алактатып жиберет. Кайда шашабыз, билбейм. Шашсаң деле жетпейсиң. Баарынын соңу бир го. Мен шашпайм… Мен сыяктуу көп нерселер ордунда. Сааттын жанындагы сүрөттө илинип турам. Төрт чарчы жыгач ичинде мына-мына мени көргөнү бирөөлөр келчүдөй тынч бөлмөдөн тынчтыкты издей баштадым. Ушул сүрөттө калыптырмын. Кетенчиктеген көз караштарым да кошо илинүү. […]