Теңдик Аскаров: Поэтикалык эстафета[1]

Эскертүү: КРУИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынандаяр далган “Классикалык изилдөөлөр” аттуу китептен алынган бул макала айрым кыскартуулар менен берилди. … Өз кезегинде улуттук искусствонун чеберлери Москванын жана Ленинграддын театрларында, концерттик жайларында чыгармачылык отчет берип келишти. Кыргыз адабиятынын бардык жанрларында жана түрлөрүндө кеңири сөз кылууга татыктуу чыгармалар пайда болду. Бул жагынан айрыкча роман жанрындагы жетишилген ийгиликтер кубандырбай койбойт. Кыргыз романынын текчеси көрүнүктүү романист Сыдыкбековдун «Зайыптар», К.Баялиновдун «Боордоштор», Н.Байтемировдун «Тарых эстелиги», Т.Касымбековдун «Сынган кылыч», У.Абдукаимовдун «Майдан», С.Өмүрбаевдин «Телегей», М.Абдукаримовдун «Жаңырык» […]

«Өлгөндөн калган адабият»: Уучу куру эмес улуттук поэзия (конкурска)

№16 Доорлор алмашып, коомдогу материалдык жана материалдык эмес баалуулуктар ала сапырыкка туш болгон акыркы 27 жылдын аралыгында Чыңгыз Айматов баштаган адабият алптарын берген улуттук адабият унутта калганын субъективдүү жана объективдүү жагдайлар менен түшүндүрсө жана мыйзам ченемдүү көрүнүш катары бааласа болор эле. Бирок акын-жазуучуларды качан гана алардын көзү дүйнөдөн өткөндө эстеп, адабият жана маданият ишмерлерин акыркы сапарга узаткан «похоронное бюрого» айланып калган Маданият министрлигинин жана маданият министрлеринин ишмердигин кандайдыр бир жүйөөлүү себеп жана жагдай менен түшүндүрүү кыйын. Маданият министрлигин адабият тууралуу […]