Зубайда ОРУНБАЕВА: Сен тирүүсүң

ЭССЕ — Сага адам ичинен өлгөн сезим таанышпы? —  … * * * Айткың келет, бирок айтуунун учуру эмес. Себеби, сага баарын сиңиртишти. Сенин эркиңди өз колдоруна алышты да, каалагандай башкарышты, башкарып  да жатышат. Сен — сен эмес, алар болдуң… Кел, мен сага эскертейин, сен ким элең?  Сен — кайратынан, эркинен кайтпаган болот мүнөз болчусуң. Сен — көкүрөгү жалын, ою күлүк эркиндиктин элчиси элең. Азыркы абалыңа жүрөгүм ооруп турат. Мен билем, сен айткың келип, бирок азыр айтуунун убагы эмес экенин […]

Саясаттагы жаңы дүбүрт эмне дейт?

«Мекен Ынтымагы» Саясый партиясынын лидери Темирбек Асанбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүнө КАЙРЫЛУУСУ Урматтуу өлкөбүздүн парламентинин жана өкмөтүнүн мүчөлөрү, учурдагы саясый жана экономикалык кризистин алкагында улуттук экономиканын кемчиликтери оркоюп көрүнүп калды. Албетте, биздин өлкөнүн жетекчилиги социалдык-экономикалык проблемалардын татаалдыгын жана анын даражасынын наркын жакшы билет. Бирок мындан ары ал проблемаларга көз жумуу келечекте оор кесепеттерге алып келээрин унутпоо керек. Экономикадагы убактылуу проблемаларды чечүү үчүн өлкөнүн эле эмес, бүтүндөй региондун экологиялык тутумунун жаратылыш тең салмактуулугун курутууга барган […]

Мирлан АЛТЫМЫШ уулу: Карызы көп чет элге Кыргызстанды, \ «КАРЫЗСТАН» деп атап албайлыбы

ЖАҢЫ ДҮБҮРТ Учур адабиятынын көзгө жарк деп көрүнөр өкүлдөрүнүн чыгармачылыгын талдоода: жакшысын жакшы, жаманын жаман деп ылгоо мезгили келди. Күтүп кереги жок. Турпар тушунда, күлүк күнүндө турганда сүрөгөнгө не жетсин… Адабият астанасын аттаган соңку муундагы сүрмөтоп жаштардын ичинен суурулуп алдыга чыккандары жок эмес, бар. Алардын бири Мирлан Алтымыш уулу «Сүйология» аттуу алгачкы ыр жыйнагы менен эле кыргыз адабиятынын корифейлеринин бири, белгилүү сынчы агабыз Кадыркул Даутовдун назарына илингени кубандырат. Айтылуу адабиятчыбыз жаш акындын ыр китебине жазган баш сөзүндө минтет: «… жаш […]

Гүлзада ТУРДАЛИЕВА: Төрт сары

АҢГЕМЕ Сары кыз Ажардын турмушундагы сары жоогазындарды эсине түшүрдү. Оор күндөрүнүн күбөсү. Кош бойлуу кезинде үйүндө жүрүп окучу. Ошол кезде сары кыздуу болду. Ал төрөлгөндө окуусун бүтүп кетти. Сары жоогазындарды сары жигит сары кызын  төрөп оорукананын төрөт бөлүмүндө жатканында алып барган. Сары кыз университетти бүтүп, коштошуп кетип баратып, беш килограмм ун сатып келип, калтырып кеткени эсинен кетпейт. Ал беш килограмм ун Ажар жумушка чыгып, айлык алып баштаганча чоң огожо болгон. Эстеген сайын ыраазы боло берет. Сары кызы чоңойуп калды, эми […]

Ибрагим БАЛТАБАЕВ: Баатыр

АҢГЕМЕ Биздин каарман баатыр бабаларындай кылыч кармап, жаа тартып, найза көтөрүп жашабады. Же аскердик атайын кийим кийип даярдыктан да өтпөгөн. Чолпонбайдай өзүн ДЗОТко да таштабаган. Кадимки карапайым турмуш кечирди. Алдынан ким чыкса да озунуп «Ассалому алейкум!» деп салам берчү. Өмүрүндө «Алейкум ассалом» деп алик алган кези аз эле болсо керек, себеби айтпадыкпы, дайыма озунуп салам берчү. Непадам көчөдөн бирөөнүн оор жүк көтөрүп баратканын көрсө, шыпылдап барып жардам берише койчу. Машинеге жүгүн салышып же жетчү жерине чейин көтөрүшүп барчу. Мектептеги сабак […]