Назгүл ОСМОНОВА: Жердеги асман же “Чай үчилтиги” кантип жазылган?

Автор тууралуу Кытай жазуучусу Ван Сюйфэн 1955-жылы аскер кызматкеринин үйүндө төрөлгөн. Болочок жазуучу он экиге толгондо атасы чай суусундугунун ордосу Ханчжоу шаарына кызматка жөнөтүлгөн. Бул кооз жерде, Сиху менен Юэху көлдөрүнүн, Гушань, Баошишань жана Фэйлайфэн тоолорунун жана ибадатканалар менен тоопканалардын жака-белинде дүйнөгө көк чайдын эң мыкты түрүн берген уч-кыйырсыз чай плантациялары жайгашкан. Бул табигаттын сулуулугун кытай акындары ырга салып, императорлор Сиху көлүнүн жээгинде эс алышкан, а кытай тилинде “Сучжоу менен Ханчжоу — жердеги асман” деген учкул сөз пайда болгон. Мына […]

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ: «Арбагынан айланайын»

«Дайралар артка агышпайт» аттуу китеп жарык көрдү. Китеп куну көздөн учкандар үчүн кулак кагыш бу… Автору Жеңишбек Эдигеев окурман көңүлүн кайт кылар калемгерлерден эместигин төмөндөгү эссе баянынан баамдап алаарсыздар… Каалоочулар береги номурга чалып, китепти автордун өз колунан алсаңыздар да болот: 0700 065516, 0700 065513 6 же 7 жаш курагым. Нарындан ары бараттыкпы же бери айылды беттеп келаттык бекен, айтор, апам экөөбүз Нарын автобекетине келип мени “ушул жерден жылбай тур!” деп апам билет камы менен кассага кеткен. Кыштын күнү ботинкемдин баштары […]