Абдыкерим МУРАТОВ: Очок

АҢГЕМЕ «Атам, ой, атам, ой!» – Көрүстөнгө баргандардын алдында үйгө келип алты эркек бир тууган бирдей өкүрүп түштүк. Ичкериден дагы бир туугандарыбыздын – төрт кыздын кошок аралаш ыйы биздин үнгө кошулуп, кыштакты жаңыртып, алыс-жакындагылардын жүрөк-жүлүнүн аралап өтүп жатты… Адатта мен, улуу баласы, атамды биздин айылдыктардын салты боюнча «ака» деп жүрсөм да, алтымыш жылдан бери «ата» деп айта албай келе жатсам да бул жолу «аталап» түштүм. Биринчи жолу «аталаганымды» эми келбес жайга кеткен маркум атам укпай калды… Аңырайып ачык турган дарбазадан […]

 Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ: Жакшы адам эле

АҢГЕМЕ – Ата, атаа-а! Тээтигинден буту-бутуна тийбей безилдеп келаткан бала эшик астында күн чубактап отурган карыянын кучагына кулады. Алда неден коркуп калган түрү бар. «Ата, атадан» башка кеп айталбай солуктаган небересин апаптап ийген карыя тынчы кете сурады: – Ок, кантет, кантет, эмне көрдүӊ? Эмнеден чочудуӊ? – таӊдайына колун сала апаптап, далыга чапкылап койду. Оо далайда эсин жыйган тестиер бакыраӊ көзүн бардап алып Керексиздин үйү тарапка кол жаӊсады: – Тиги, тиги, Керексиз байкем… – Ии, ал эмне болуптур? Дагы мас болуп […]