Аскар Бешимов: ТВЕА менен келишим түзүлгөндө Сапардан 3 күн ичинде бүтүрүп бергиле деген каты келген

— Аскар мырза, сиз Тышкы иштер министринин мурунку орун басары болуп иштеп турганда, ТВЕА менен келишим түзүүнү Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деп баалаган экенсиз. Ушул маселени карап, бүтүрүп бергиле деген тапшырманы сиздерге ким берген? Бишкек ЖЭБди модернизациялоо башталган кезде Тышкы иштер министринин орун басары элем. Тышкы иштер министрлигинин милдети, тартиби, ирети боюнча ири, орто инвесторлор Кыргызстанга келгенде сөзсүз түрдө биз аларды изилдешибиз керек. Бул Бирштейн баштаган аферисттер келген мезгилден бери изилденет. Алардын кайсыл жерде штаб-квартирасы бар? Кандай иштейт? Эмне жумуш […]