Жалгыз кайык: көл түбүндөгү айыл арманы

Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайык” аңгемеси күйүттөн күл болуп калган момун адамдын башына түшкөн оор мүшкүлдү баяндаган чыгарма. Табият кырсыгы айтып келбейт. Тоо арасындагы кичине айыл көчкү алдында калып, андан төмөнгө түшүп кеткен Муса гана аман калат. Жакындарына ажыраган Мусанын кийинки жашоосу куру үмүт менен өтөт, көл үстүндөгү жалгыз кайыкта жакындарын издеп, аргасыз күн кечирүүгө өткөн адамдын муң-зары баяндалат. Мусанын кайгысы кайыктан ары кетпей, ың-жыңсыз көл үстүндөгү арманын уккан киши жок. «Кыргыз аңгемесинин классикасы» түрмөгүнүн бул чыгарылышы Түгөлбай Казаковдун “Жалгыз кайыгына” арналат. […]

Түгөлбай КАЗАКОВ: Жалгыз кайык

АҢГЕМЕ «Күйгөн эмне экенин күйүп бүткөн күлдөн сура». Таңга маал түш көрдү: «Кайдагы бир бийик жар. Төмөн жагы капкара болуп тумандап жатат. Кырында үйбүлөсү. Алыстан көрөт. Өзү ылдыйда, тигилер бийикте. Негедир алдындагы туңгуюкка секиргени жатышат». «Секирбегиле! Артка кайткыла! « – деп кыйкырайын дейт, үну чыкпайт. Чуркайын десе, буттары жылбайт. Анан эле аялы, артынан балдары чогуу аңга бой таштады. Эң артында көкүрөк күчүгү – жаны бир кызы эки колун атасына сунган бойдон кулады. Эч кимиси кайра чыккан жок. Тамагы буулуп, көкүрөгү […]