РухЭш: Өнөр өстөнүндөгү өнөктөштөрдөн топтолгон каражат аудио адабияттарга жумшалат

Өнөр адамдары арасында топтолгон каражаттар «РухЭш» сайтына жарыяланып келаткан дүйнөлүк жана улуттук адабиятыбыздын тандалма чыгармаларынын аудио топтомдорун чыгарууга жумшоону чечтик. Арийне, «РухЭш» сайты негизделген күндөн эле элдин жапатырмак колдоосу менен улуттук дөөлөт-мурастарды жана жалпы адамзатка энчилүү көркөм адабияттарды калктын калың катмарына жайылтуу максатын көздөп келет. Аны менен катар өз эне тилинде ою жетик, тили жатык келечек муунду тарбиялоо максатында балдар адабиятын өнүктүрүү үчүн акын-жазуучулар арасында конкурс уюшулуп, о.э. жалпы дүйнөлүк көркөм чыгармаларды кыргыз тилине түп нускадан которуу боюнча атайы конкурс […]

Жамалбек Ырсалиев: Акындын ишеничин актайын!

Атактуу Сарыгашка агам Амантай кежир Олжобай Шакир деген агамдын «РухЭш» деген кыргыз адабиятына кам көрүп келе жаткан сайтын колдоого чакырган экен. Калыстыкты илгертеден акындын оозунан уккан кыргыз уулу катары баарыбыз колдоо көрсөтүп кетсек жакшы болот. Мен Амантай акын агамдын айтканын жерге таштабай: Олжобай Шакирдин 0558 08 08 60 ЭЛСОМ эсебине 5000 сом котором. Айтмакчы, Жанар Акаев үкам дагы өткөндө жазганда, мен да жардам берем деп убада кылган элем. Эстафетаны болсо Кыргызтемир жолуна эмгеги сиңип, поезд минген Улукбек Нусубалиев деген таластык […]

Жамалбек Ырсалиев: Кадырлуу конок

ЭТЮД Үйүмө конок келди. Мен үчүн абдан кадырлуу конок — бул менин иним Аман. Талант байкемдин улуу баласы. Талант байкемдин атына заты жарашкан таланты бар эле. Тирүү уйду же буканы канча килограмм эт берерин рентген сыяктуу так айтчу. Менден он жаш улуу болгонуна карабай, Жалилге кошуп инимдей эле жумшачумун. Түнкү саат үчтө Бишкекте жылуу үйдө жатып алып, Нарындын суугунда телефон менен төшөктөрүнөн тургузуп, мал базарга айдаар элем. Жалил экөө ээрчишип алып мал жүктөп келчү. А мен саткандан түшкөн пайданын 50 […]

Жамалбек Ырсалиев: Эстутумдагы Жалил

ЭССЕ Эртең сен жарыкка келген февраль жаңырат. Сен тоспогон туулган күнүң келет… Мендей же элдей болуп сүрөткө да түшпөптүрсүң. Айырмабыз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Бир жолу сенин жамбашыңа сыздоок чыкты. Аксап басып, отура албай аябай кыйналдың. Апамдар мени Нарынга жиберди. Сени кошо ээрчитип алдым. Кадимки ырчы тууганыбыз Мергендин атасы Турганбек папабыздын үйүнө жаттык. Экөөбүзгө чогуу төшөк салып беришти. Кучакташып жатканбыз. Уктап кетип, сен ары оодарылганда мен да уйкунун кызуусу менен так ошол сыздоогуңду тээп алыптырмын… Кудайга […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: «Альуф… альуф» жана вертолет

Айтылуу төкмө акын Жылдызбек Алыбаев менен обончу Бакыт Капаров экөө аябай тамашалашышат. Жаштары тең, бизден “картаңыраак” досторубуз. Бакыттын көзүнүн көгүнөн улам “Көк көз” деген каймана аты бар. Ысык-Көлгө бардык достор чогулуп. Анан экөө өзүнчө ээрчишип жүргөн. Бир убакта бассейнге барышат. Түбү тунук болуп турса, көгөргөн көзүнө тайыз көрүнсө керек. Шымаланып чечинет да, шарт эле сууга секирет. Өзүнүн бою калпагы менен 1.60 см келген досум 2 жарым метр терең бассейнге чөгүп баштаптыр. Жыкең да Ат-Башынын Ак-Моюн айылында арыктан башка сууга түшпөсө […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Айланайын, айылдыктарым!

Ишке жарады. Бада кайтарган атты күлүккө кошуп чапкандай боломбу деп сарсанаа болуп баргам. Токмоктун командасына түшүп калганда токмок жебесек экен деп 3:0 менен токмоктоп салдык. Айылда мал кайтарып, Нарындын суугуна кайыгып жүргөн балдар да. Булардын машыгуусу малдын богун чыгарып, анан чөп салып, сугаруу менен өтөт. Жашыл кийимди кийип эле “Бол-эй-болдун” (волейбол) аянтына тизилип чыгып калышса, кадимки спортсмендерге окшоп калышты. Мен болсо өзүмчө кубанып жүрөм. Менин ортончу балам менен тең балдар. Бири Доотай деген айылдын алдыңкы комбайнеринин небереси. “Нива” деген комбайнында […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жогорку Кеңеш & Мамаюсупов!

Эски тарых музейинин ичин кыдырып жүрүп, 8-кабинеттен бир кичинекей кызыл китепче таап алдым. Мукабасындагы «Китептин демөөрчүсү ЖК депутаты Өмүрзак Шеранович Мамаюсупов» деген жазууга көзүм түштү. Ылдый жагында: «жетим-жесир, колунда жокторго материалдык жардам көрсөтөт» деп жазылыптыр. Сүйүнүп кеттим. Телефону бар экен, чалсам жардамчысы алып: «Эртең түштөн кийин келиңиз» деди. Аябай толкунданып, баягы туберкулез больницасындагы «түнөгүмө» жөнөдүм. Түнү менен жакшы деле уктабадым. Жүрөгүм бир нерсе сезгендей. Эртең менен Назирага тамак берип коюп, түз эле Малдыбаев көчөсү тарапка жөнөдүм. Колумда баягы кызыл китепче, […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Жалгыз сүрөт

АҢГЕМЕ Жаштык-мастык менен биринчи турмушумдан ажырашып, эки балам менен ата-энеме ашка жүк, башка жүк болбоюн деп балдарымды калтырып, өзүм болсо айылдын аягында Бактылуу-Колот деген жерде жарыгы же жылуулугу жок ээн сарайда өзүмдү бактысыз сезип, жалгыз жашап жүрөм… Классташтарым Калыс, Тынчтык, ыраматылык Бакыт барып көңүлүмдү көтөрүшөт: — Айылга барбайсыңбы? Ушинтип жата бересиңби ээн сарайда? Айылда муунуп өлгөндөр көбөйүп кетти, сен да кыкынып калба! —  деп тамашалап оюн-чынга аралаштырып кетишет. Сарайдын ээси бар, төө жетелеген ак сакалдуу карыя деп Ажыгул ата айтып […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Атың өчкүр арак!

Баштан өттү да, эй Мени үйлөндү деп байкем (атам) энелеш агасын, аталаш инисин ээрчитип шаарга келишти. Максаты — кудага бармай. Нарындан чыккан Бишкекке чейин жолдо катар келин майлап ичип келишиптир. Үчөө тең теңселип мас. Бир кой жетелеп алышкан. Өзбек ажы экөөбүз аларды ак топучан тосуп алдык. Мына кызык, баягылардын кебетесин көргөн ажы акем: “Же буларды соолуктур же менсиз эле барышсын”, — деген ультиматум койду. Мен үчөөнү машинага салып алып ЧЧК боюндагы мончонун бирине алып бардым. Үчөө да өздөрүнүн уят болгонун […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Банкрот жана «бактылуу аял»

АҢГЕМЕ Кум аралаштырып, суу чачып жүн алган күндөрүмдү, таразага магнит чаптап кардар алдаган күндөрүмдү эстедим. Кудайды эстедим. Кудай мени жазалаганын билдим. Кыяматтын сурак таразасын ойлодум. Бармагымды эмес, тишим жетсе чыканагымды тиштегим келди. Далдырап, чек арада жүрдүм. Айырмасы чоң болгон үчүн уйгурларга барып “баасын көтөрүп койгулачы” деп жалдырап сурандым. Өз элимди алдап келип өзгөгө алданганыма ардандым. Арзан мейманканада кирдеген шейшепти көз жашым менен жуудум. Далдырап басып жүрдүм… Күнүгө кампага барам. Укканым баягы эле жооп. Айлам кеткенде алардын айтканына көндүм. Тери, жүндөр […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Үч Бермет

ЭССЕ Биринчи Бермет – өзүмдүн эжем. Экөөбүз бир үйдө чоңойдук. Эжем бой жетип татынакай кыз болду. Балдардын баары ашык. Айылдагы абройлуу дүкөнчү Шаймердендин Нарынкул деген баласы менен сүйлөшүп калды. Эжемди чакыртыш үчүн жазган каттарын ташытмакка мени “паралап” шоколад алып келет. “Эжеңе башка балдар келсе, таш менен согуп кубала”, — деп дайыма мени шыкактап турчу. Күндөрдүн биринде, кечке жуук Ысмайыл деген кишинин баласы келип, эжем экөө дубалдын түбүндө сүйлөшүп отурушуптур. Колума чоң ташты алып, акырын дубалдын кырына чыктым да, башын туштап […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: “Эр жакшысы таз болот”

АҢГЕМЕ Ичиркенген наристенин башындай калтырак баскан башынан ак жоолугун түшүрбөгөн апам байкуш мени жетелеп алып, айылдын аягынан өйдө кыдырып жөнөр эле. Менин чачыма колу тийбеген аял аттуу калбаса керек биздин айылда. — Кайратынын баары чачына чыгып кеткен, кирпинин ийнесиндей болуп катуулугун айт, — деп күңгүрөнүп, кээде ачууланып, бирде мени алдап-соолап жетелешип кете берчүбүз. “Бурул апанын колу катуу, Аниса апа буту чолок, Курманбүбү апанын бою кичинекей, Арсар апанын колу катуу…” – деп кыскасы жолдо карай шылтоом даяр. Байкуш апам, оюм менен […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Сары тору

АҢГЕМЕ “Контракт” деген күчөп турган убак. Уйубуз тууса — музоосун алат, бээбиз тууса — кулунун алат. Биздин сары тору бээ өзүнө окшош кулун тууду. Сүйүнүп жүрөм. Тай минем, күлүк кылам, ат чабышка чабам, Карыпбайдын кара кашкасындай атактуу ат болот деп. Күзүндө тоодон мал түшөрү менен Эсек башкарманын буйругу чыгыптыр. “Контракт!” Мен эч күтпөгөн окуя болуп, сары тору тайымды келип жетелеп кетти. Артынан ээчип баратам… Согушка уулун узатып барып, поездге жетпей калган энедей болуп (Майсалбек менен Толгонайдай дегеним). Көзүмдүн жашы оозума […]

Жамалбек ЫРСАЛИЕВ: Коён

ЭТЮД Аталаш агам Медербек Тынч океанда кызмат өтөп келди. “Тихоокеанский флот” деген жазуусу бар моряктын фуражкасын норка тумактан артык көрүп, бапестеп кийип жүрөр элем. Бир жолу бала бакчанын селкинчегин тээп атканбыз. Раматылык Бакыт деген классташыбыз катуу күүлөнтүп баштаганда селкинчек түбүнөн омкорулуп кетип, баарыбызды басып калды. Менин моряк шапкемдин четин кыйшайтып сындыра басты. Чекем тытылып, көгөрүп чыкты. Бирок башымдын ооруганы эмес, кыйшайган моряк шапкем үчүн өпкө-өпкөмө батпай ыйладым. Тынчтык классташым четине зымдан тегерек кылып салып: зыңкыйтып оңдоп берип койду. Өйдөкү айылда […]