Тахир МАЛИК: Шайтанат (Уландысы)

Мурда жарыяланганы: 1-баян  2-баян ПОВЕСТЬ ЭКИНЧИ БӨЛҮМ 1 Кайра куруунун шарапаты менен райаралык кыдыруу бөлүмүнүн тергөөчүсү, лейтенант Захид Шараповдун желкесине күн тийди. «Ак ниеттүүлүгү жана өз ишине чын көңүлдөн берилгендиги» үчүн аны район прокуратурасына прокурор кылып көтөрүштү. Захид ырасында эле ак ниет, таза, жана өз ишин сүйгөн тергөөчү эле. Анын бул пакизалыгы жана адалдыгы башчыга жакчу эмес. «Кайра куруу дегени кайдан чыккан балээ болду?» — деп жүргөндө, жаштарды көтөрмөлөө деген маселе көлдөлөң коюлду. Шаар ИИБнин башчысы ойлонбой туруп, Захидди тергөөчүлүктөн […]