Жапар Саатов: Ички «илдеттүү» илимпоз

АҢГЕМЕ Астай солкулдаган жаш жигит эмес, анын ага сакалы ээгине бүткөнүнө көп жылдардын жүзү болду. Гүлнара деген кызы, Мурат жана Кубат аттуу уулдары бар. Жогорку окуу жайын бүткөн чырактай аялы Гүлүмдү да артынан калбай, телмирип жүрүп алган. Бычагын кекиртегине такап, аны эч, ким зордогон эмес. Алар он жылдан ашуун таттуу жашашты. Астай адегенде бакыйган кызыл мугалим эле, андан кийин аны райкомдун аппаратына кызматка алышты. Сыйкы, жогорку билимдүү, жаштык, жалыны бар, балдарды гана эмес, чоңдорду да тарбиялай алат дешип, анын келечегинен […]

Жапар Саатов: Маңдай тер

АҢГЕМЕ Денеси чулу темирдей чымыр, мурду барбагай, чарчы бойлуу, буржуйган ушул кишиге эч ким алтымыштын бешин бербес эле. Кээде оюн чындан эңише кетишсе, күч-кубаты ташып турган жигиттердин да эсин оодарып койгон учурлары болот. Колу туурулуп, бүт өмүрү дыйканчылык менен өткөн мээнеткен бул адамга эң жогорку пенсия чектеп бериш керек. Бирок “төрт дубалдын төбөсүн тиктеп, үйдө бекер жата албайм” деп акыркы жылдарда корукчу болуп кеткен. Анын сыртка аттанмагы да өзүнчө бир азем. Жер шалбыраң болуп турса өкүм кара торунун куйругун шуу […]

Жапар Саатов: Ыйык сүрөт

АҢГЕМЕ Мен бул окуяны иликтеп жүргөнүмө көп жылдардын жүзү болду. Бирок, ошобу же башкабы? Мурда нечен жолу кайталангандай, окшош фамилиялуу бөлөк адамдын небереси болуп калып жүрбөсүн? Ал чоң атасынын ушундай жан кыярлык эрдиктерди жасагандыгын билеби же жокпу? Эгер эми гана угуп отурган болсо, кантип гана кетээр экен? Ушинтип ойлоп, уйкусуз толгоно берем… Арийне, Совет бийлиги жаңыдан орногондогу ошол кишилер «мен тарыхта калуу үчүн ушинтип жатам?» деп эч убакта ойлошпосо керек. Ооба, алар өздөрүнүн кан-жанына бүткөн асыл сезими менен ар кандай […]

Жапар Саатов: Сатыкка келген сары оору

АҢГЕМЕ Карыбай эттүү тамакты эң жакшы көрө турган. Сосиска, колбаса дегенден көзү кыя өтчү эмес. Кызматтан чыгып, эч ким этибарына албаган бир дүкөнгө кокусунан эле кире калса, мына ошол оюндагынын баары сатылып жатыптыр. Элдин эң арты болуп кезекке турган Какең ары карады, бери карады, деле тааныш бирөө көрүнбөйт. Кезеги да оңой менен келе турган эмес. Мындайда дүкөндүн башчысына чейин жулуңдап кирип барып, өзү иштеген куттуу мекеменин атын сатып, бирдеме алмай анын көптөн берки адаты эле. Анткени, ал эл катары жупуну […]